Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Шайлоо тилкесинен тышкары жайларда 24 472 жаран добуш берди


Парламенттик шайлоо учуру. Кыргызстан. 4-октябрь, 2020-жыл.
Парламенттик шайлоо учуру. Кыргызстан. 4-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 3-октябрда өткөн көчмө добуш берүүгө 24 472 киши катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 4-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкесинен тышкары жайларда добуш бериш үчүн 29 330 жаран арыз берген. Алардын реестри түзүлүп, ар бир шайлоо тилкесинде 2-октябрда илинген.

«Реестрге киргизилген шайлоочулардын арасынан 24 472 киши добуш берүүгө катышты. Бул тизмеге кирген кишилердин 83, 5% түзөт. 4448 шайлоочу түрдүү себептер менен, мисалы, паспорту жок болуп же эски паспорту болгонуна байланыштуу, же үйүндө болбогону үчүн шайлоого катыша алган жок», - деди Бекматов.

«Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү» эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылып, көчмө үкөк аркылуу добуш берүү укугуна ээ. Алар улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер.

Мындай жарандар үчүн добуш берүү 3-октябрда өттү. Добуштар эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө үкөк менен чогултулган. Жыйынтыгы бүгүнкү шайлоо менен чогуу чыгарылат.

Кыргызстанда учурда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды. Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоо боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу уюштурулган. (NT)

XS
SM
MD
LG