Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

БШК: Дене табы көтөрүлгөн жарандар кечке жуук добуш беришет


Парламенттик шайлоого добуш берүү жараяны. Талас шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.
Парламенттик шайлоого добуш берүү жараяны. Талас шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

Дене табы көтөрүлгөн шайлоочулар үчүн добуш берүү кечки саат алтыдан баштап уюштурулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чогуу өткөргөн брифингде билдиришти.

Буга чейин добуш берүү боюнча жарыяланган алгоритмде дене табы көтөрүлгөн жарандар добушканаларга киргизилбей тургандыгы көрсөтүлгөн. Кыргызстандын Акыйкатчысы муну жарандардын конституциялык укуктарына каршы келет деп билдирген.

БШКнын жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда Кыргызстандагы бардык добуш берүү участокторунда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышына шарт түзүлгөн. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары добуш бергени келген жарандарга да беткап жана мээлей берилүүдө.

Нурболот Үсөнбаев Кыргызстандагы добуш берүү участокторунда 5728 медицина кызматкери көзөмөл кылып, иштеп жатканын маалымдады. Анын айтымында өзүн начар сезип, дене табы көтөрүлгөн жарандарга жардам бериш үчүн атайын «Тез жардам» машинелери да даярдалып коюлган.

Бүгүн, 4-октябрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу, ал эми чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу иштеп жатат.

Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштери кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG