Жалал-Абаддагы аскердик бөлүктүн жоокерлери коронавируска кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун бүгүн, 4-октябрда брифингде билдиргени боюнча, акыркы суткада Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүндө жоокерлер вирус жугузу алганы аныкталды.

«Жалал-Абад облусунда жалпысынан 46 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен 21 адам аскер бөлүктөрүнөн катталды. Учурда аскер бөлүктөрүндөгү абал иликтенип жатат», - деди ал.

Жалпысынан акыркы суткада COVID-19 жана пневмония оорусуна чалдыккандардын саны 224 адамды түздү.

Март айынан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 47 428 адамга жетти. Акыркы суткада 114 адам илдеттен айыгып чыкты. Жалпы 43 418 адам оорудан сакайды.

Акыркы суткада илдеттен көз жумгандар катталган жок. Коронавирус илдетинен Кыргызстанда 1066 адам жашоо менен кош айтышты. (ZKo)

Дагы караңыз

БШК белги коюлган беткап маселесин аныктоо иштерин жүргүзүп жататБаткенде шайлоочулардын 6,3% добуш бердиБШК: Саат 10:00го чейин 236 921 кыргызстандык жаран добуш бердиШайлоо тилкесинен тышкары жайларда 24 472 жаран добуш бердиБШК: Дене табы көтөрүлгөн жарандар кечке жуук добуш беришетТалас облусунда саат 10го чейин 10 миңден ашык шайлоочу добуш бердиПрезидент Жээнбеков: Шайлоо өнөктүгү ачык-айкын жүрдү