Өкмөт: Кыргызстанда кышка даярдыкта маселе жок

Кара-Кече - Дыйкан жолундагы жер көчкөн жол. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.

Кышка даярдык өз планы менен жүрүп жатат. Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) кышкы жылуулук сезонуна даяр. Мындай маалыматты кыргыз өкмөтүн караштуу Өнөр жай, энергетика жана кен казуу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Кара-Кечеден көмүр ташуу учурда уланып жатат.

«Кара-Кечеде жол жабылып калганын билесиңер, - деди ал. - Бирок биз айлантма жолду курганбыз. Азыр ошол жол аркылуу Нарын облусунун үч району камсыз болуп жатат. Биз Бишкек ЖЭБине июнь айында беш миң, августта 10 миң тонна көмүрдү ашыкчасы менен жеткиргенбиз. Эми 30-сентябрдан тартып Кара-Кече - Дыйкан жолу ачылса, кайра көмүр ташуу жанданат».

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Кара-Кече кенинде ишканалар көмүр казуу иштерин улантып жатканын кабарлаган. Ага ылайык көмүр тарткан автоунаалар Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу өткөн жол менен Кара-Кечеден көмүр ташууну улантып жатышат.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып турган стратегиялык жол тосулуп калган.

Жумгалдагы көмүр кендеринен Бишкек ЖЭБине жыл сайын 700 миң тонна көмүр ташылат. (ZKo)

Дагы караңыз

Апта: Аманкуловдун көксөгөнү, Лукашенконун жашыруун анты Азери-армян чек арасында ок атылды Орусияда 49 кыргыз жараны кырсыктадыШинжаңда түзөтүүчү лагерлер көбөйдүДубнов: Кыргызстанда Кремлге баш ийбеген саясий жараян болбойтАзербайжан "Тоолуу Карабактагы жети айылды бошотконун" жарыялады Беларуста "элдик инаугурацияда" ондогон адамдар кармалды