Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Орусияда 49 кыргыз жараны кырсыктады


Сүрөт akipress.org сайтынан алынды.
Сүрөт akipress.org сайтынан алынды.

27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок.

Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат.

Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн ошол жерге барышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, «ФМ Сидорово» ишканасында Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону айтылууда.

Маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турганын элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Орусиянын ИИМинде быйыл январь-июнда 380 миңдей кыргызстандык миграциялык каттоого турган. Орусияда туруктуу иштеген мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Ал эми миграцияга кошо ала чыккан балдары, ата-энелери менен кошкондо миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG