Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганын 24-сентябрда анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди.
«Себебин билбейм. Чоо-жайын билиш үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылдык»,- деген Жоошев муну камактагы адамга басым көрсөтүүнүн бир ыкмасы катары баалады.
ЖАМК азырынча комментарий бере элек.
2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келатат.
Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.
Исаков алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анан №1 тергөө абагына, №8 түзөтүү колониясына которулган. (SE)
Дагы караңыз
Болгария эки орус дипломатын тыңчылык кылган деп айыптоодо«Республика» партиясы Кадамжайдагы акча тараткан окуяга тиешеси жок экенин билдирдиАйрым өлкөлөр кайрадан катаал карантин киргизе баштадыЖээнбеков: БУУ терроризмге каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун аракетин координациялашы керекДагестандын түрмөсүндө отурган тажикстандыктар качып кетти