Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Айрым өлкөлөр кайрадан катаал карантин киргизе баштады


Израилдик медицина кызматкери коронавируска карата тест алып жаткан учур.
Израилдик медицина кызматкери коронавируска карата тест алып жаткан учур.

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Израил 25-сентябрдан тартып эки жума «толук карантинге» өтө турган болду.

Бир жума мурда эле бул өлкө дүйнөдө алгачкылардан болуп кайрадан карантин киргизип, мектептер, бала бакчалар, мейманканалар, соода борборлору, эс алуу жайлары жана пляждар жабылган. Шаршембиге карата бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталган күндүк көрсөткүч жети миңге жеткен.

Ал эми Франция 23-сентябрда жаңы масштабдуу чектөө чараларын жарыялады. 26-сентябрдан тартып өлкө түштүгүндөгү Марсел жана Экс-ан-Прованс шаарларындагы бардык ресторандар менен барлар жабылат. Париж, Лион баштаган он чакты ири шаарда коомдук тамактануу жайларынын иш убактысы чектелет. Спорт залдары да жабык болмокчу. Акыркы аптада Францияда күнүнө 10 миң жаңы учур катталып, жаздагы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Британия менен Чехияда саат 22.00дөн кийин ресторандар, барлар жабылып, беткап кийүүгө милдеттүү жайлар көбөйтүлдү.

Акыркы күндөрү жаңы учурлар 10 миңден аз болбой жаткандыктан Испаниянын Мадрид аймагында ички район аралык каттам чектелди.

Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коопсуз жана натыйжалуу вакцина жыл аягына чейин же эмки жылдын башында иштелип чыгарына ишеним бар экенин 23-сентябрда Конгресске билдирди.

XS
SM
MD
LG