«Кыргызтест» мекемеси Мамлекеттик тил күнүнүн урматына 24-сентябрда каалоочуларды онлайн тест тапшырууга чакырат.
Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Ушул күнү президенттин аппараты баш болгон бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери да кыргыз тилинен тест тапшырышат.
Тестти ийгиликтүү тапшыргандарга атайын сертификат берилет.
Дагы караңыз
Жалал-Абадда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси флешмоб өткөрүүдөКыргыз тилин сынаган отуз жыл Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленетОкуу жайларга кабыл алууда мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилет2014-жылдан бери кыргыз тилинен тест тапшырган мамлекеттик кызматкерлер 50 миңден ашты.
Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча «Кыргызтест» системасы 2013-жылы ишке кирген. «Кыргызтест» лексика, грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.
Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргызстанда атайын иш-чаралар өткөрүлдү. (TSh)