Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет. Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева бул иш-чараларды өткөрүш үчүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башында турган уюштуруу комитети түзүлгөнүн бүгүн, 15-августтагы басма сөз жыйында билдирди. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт өтөт. Мындан сырткары, аталган министрликке караган райондук гезиттер жана облустук телеканалдар, окуу жайлары жана мектептер, театрлар мамлекеттик тил майрамын белгилөөгө катышат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда кыргыз тилин үйрөтүү дүйнөлүк системада жүргүзүлө баштаганын, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы ыкмалары иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

«Кыргызтест» мамлекеттик ишканасынын директору Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл аралык конференция өтөрүн, «Кыргызтест» учурда бул багытта иштеп жаткан Орусиядагы, Казакстандагы, Голландиядагы уюмдар менен кызматташа баштаганын маалымдады.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сын-пикирлер арбын. (ZA)

XS
SM
MD
LG