Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Жалал-Абадда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси флешмоб өткөрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын урматына флешмоб түрүндө чакан тест өткөрүүдө. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын жалпы тургундары, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, саамалык жарандардын мекенчилдик сезимдерин күчөтүү, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыгуу арттыруу, «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу жана тилди билүү деңгээлдери боюнча маалымат берүү максатын көздөйт.

Иш-чарада катышуучуларга 5 субтесттен турган тест варианттары сунушталды. Мында кыргыз тилинин лексикалык нормаларын жана грамматикалык эрежелерин иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү жөндөмү бааланат.

Тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга чакан белектер ыйгарылат. Флешмобдун жүрүшү толугу менен «Кыргызтест» сайтында онлайн чагылдырылып жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG