Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын айым талапкерлеринин теледебатында жарандардын добушун сатып алуу маселеси көтөрүлүп, аны бийликчил «Биримдик» партиясы колдонуп жатканы айтылды.
Суроону «Мекен ынтымагы» партиясынын өкүлү Венера Осмонбетова «Биримдиктин» өкүлү Аида Касымалиевага узатып, буга жарандардын паспортторун чогултуу, административдик ресурсту колдонуу сыяктуу фактыларды мисал келтирди.
Касымалиева добуш сатып алуунун жоопкерчилиги тууралуу мыйзамды өзү жазганын белгилеп, «Биримдик» партиясы андай кадамга барбай турганын билдирди. Ошондой эле административдик ресурсту башка партиялар колдонуп жатканын кошумчалады, бирок кайсыл партиялар экенин айткан жок.
Айым талапкерлердин дебаты 21-сентябрда Коомдук телерадиокорпорацияда (КТРК) түз эфирде болду.
Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда.
Партиялардын талапкерлеринин тизмесинде эркектер басымдуулук кылат, аялдардын саны 30% тегерегинде. (SE)
Дагы караңыз
Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарттыШайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү?Малина жыттанган Кызыл-ТууБрюсселде Лукашенконун режимине каршы санкция киргизүү боюнча орток пикир табылган жокНавальный орус тергөөчүлөрүнөн кийим-кечесин сурады