Жалал-Абад: Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди

Жазы-Кечүү айылына электр зымдарын тартуу учуру. 6-июнь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылына алгачкы жолу 1-сентябрда электр жарыгы берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгы билдирди.

Буга чейин бул айылда жарык жок болгондуктан, мектеп Интернетке туташпай, окуучулар компьютерден сабак өткөн эмес.

Быйыл айылда алты окуучу 1-класска барды. Алар бүгүндөн тартып аралыкты сактоо менен окутула баштай турганын мектептин жетекчилиги кабарлады.

Айылдагы № 48 Манап Чыйбылов атындагы орто мектепте 10-класска чейин жалпы 68 окуучу билим алат.

1960-жылдан бери эл жашаган айылга быйыл жазында электр линиясын тартуу иштери башталган. «Жалал-Абад электр» ишканасы ага 25 млн. сом жумшаларын билдирген.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыс жайгашкан.

Айылда 140 түтүн, 600дөй адам жашайт. 100 орунга ылайыкташкан мектеп жана ФАП бар. Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. (TB/NT)

Дагы караңыз

Жазы-Кечүүгө жарым кылым кечиккен жарыкЖазы-Кечүүнүн жайдары тургундарыЖазы-Кечүү айылына кийинки жылы электр жарыгы барат