Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Токтогулда каналга житкен акча


Курулушу бүтпөгөн канал.
Курулушу бүтпөгөн канал.

Токтогул районунун атайын фондунун каражаттары максатсыз пайдаланылып, бир топ жыл мурда башталган ирригациялык жумуштар аягына чыкпай келатканын райондогу жергиликтүү кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Прокуратура да быйыл фонддун жооптуу кызмат адамдарына эки жолу кылмыш ишин козгогон.

Токтогул районунун Чолпон-Ата айылдык аймагындагы узундугу 7 чакырым каналдын курулушу 2006-жылы башталган. 400 гектар жерди суу менен камсыздоочу канал 2009-жылы эле ишке берилиши керек болчу. Жергиликтүү кеңештин депутаты Максат Сагындыков насостук станцияны кошкондо 50 млн. сомдон ашык акча коротулган каналдын курулушу бүтпөй келатканын айтты:

- Мазар-Суу айылынын тургундары бир гектар эгин талаасын сугаруу үчүн жайкысын үч саат гана суу пайдаланышат. Бизде сугат суу көйгөйү курч турат. Ошол маселени чечүү максатында 2009-жылы бүтөт деген каналдан дайын жок. Баары эле “суу чыгат, күтө тургула” дейт. Бирок 50 млн. сомдон ашык каражат сарпталган каналдан бир тамчы суу келе элек. Ал акча кайсы жакка жумшалганын эч ким билбейт. Жыл сайын акча каражатын карашат, бирок суу жок.

Таалай Чотоев.
Таалай Чотоев.

Райондогу атайын фонддун директору Таалай Чотоев каналдын курулуш иштеринин кечеңдешин райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатканын айтты. Бул иштерди жасап жаткан ишкана кемчиликтерин оңдоп, 2019-жылы ишке берүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады:

- Мен 2014-жылы фондго жетекчи болуп келгенден бери ушул каналдын убагында бүтпөй калышы боюнча прокуратурага, Каржы полициясына билдирүү бергенмин. Алардын кийлигишүүсү менен азыр иш кайра жанданып, “Археград” фирмасынын жетекчилиги өз эсебинен жумуштарды жасап жатат. Каналды эксплуатациялоого бермейинче тергөө иштери да болбойт экен. 2009-жылга чейин эле менден мурунку жетекчилер куруучу фирмага каражаттын 100% которуп беришкен экен. Мага чейин бул фондду Кушбак Сулайманов, Нурбек Тотонов башкарган. Учурда бул иштерди райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат.

Курулушу 2006-жылы башталган "Чолпон-Ата" каналы.
Курулушу 2006-жылы башталган "Чолпон-Ата" каналы.

1998-жылы Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында Токтогул районунун атайын фонду түзүлгөн. Фондго 2003-жылга чейин жылына 16 млн. сом, 2017-жылга чейин 43 млн. сом, андан бери жыл сайын 70 млн. сом каражат бөлүнүп келүүдө. Ал каражаттар район аймагындагы ирригациялык тармакка жана социалдык объекттерди курууга жумшалат. Жободо "каражаттын бөлүнүшүн райондук акимчилик, байкоочу кеңеш жана фонддун жетекчилиги чечет" деп көрсөтүлгөн.

Таалайбек Жайылов.
Таалайбек Жайылов.

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Жайылов курулуш иштерин каржылоодо көз боёмочулуктар бар экенин айтты. Ага мисал катары 76 млн. сом коротулуп, бирок бир тамчы да суу чыкпаган "Жаңы-Арык" каналын келтирди:

- Бул каналдын курулушун уятсыздык менен жасашкан. Эки куурдун бириккен жерин ширетип, астына бетон куюш керек болчу. Булар тол менен эле ороп салышкан. Ал куурлардын ичине кирген суу кайра чыкпайт, эл менден “суу алып кел” деп талап кылып жатат. Канал бүтпөсө мен кайдан суу алып келмек элем?! Азыр курулуш иштери жүрүп жаткан "Тегерек" каналы боюнча айтсам, анын долбоору туура эмес чийилген. Кезегинде жарым миллион сомго долбоор жасатыш үчүн адистерди алып келгенде, алар эки күн карап коюп кетип калышкан. Аскаларды, борпоң топуракты эске алышкан эмес. Азыр ошол чийки долбоор менен канал салынып жатат. Ал жерден суу чыгат деп так айта албайм. Фонд биз менен макулдашпайт, каржылоосун айтпайт. Алар райондук суу чарба башкармалыгы менен гана иш алып барат.

Райондун Бел-Алды айылындагы 150 гектар жерди сугат суу менен камсыздоо максатында курулуп жаткан "Куру-Тегерек" каналына атайын фонддон 7 млн. сом бөлүнгөн. 4,5 чакырым жер казылып бүтүп, жазында пайдаланууга берилет. Бирок айыл тургуну Садырбек Арзыматов курулуш максатсыз жүргөнүн мындайча белгилейт:

- Каналды былтыркы жылдан бери каза баштаган. Бирок анын курулушун эмне максатта жүргүзүп жатканын эл билбейт. Ал каналдын элге эч кандай пайдасы жок. Аны айылдыктар суранган эмес. Фонд акчасын ошентип максатсыз эле коротуп жатат. Эгер ал каналга суу берилсе, айылдын эли мукурап калат. Аны иштетүү үчүн мурун башталган "Жаңы-Арык" каналынын курулушун бүтүрүш керек болчу. Бул жерде курулуш иштери башаламан жүрүп жатат.

Курулушу бүтпөй калган "Жаңы-Арык" каналы.
Курулушу бүтпөй калган "Жаңы-Арык" каналы.

Токтогулдагы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айылдын тургундары буга чейин атайын фонддун акчасы туура эмес максаттарга жумшалып, коррупциялык иштер жүрүп жатканын айтып чыгышкан. Азыр укук коргоо органдары аягына чыкпай жаткан төрт курулушта тергөө иштерин жүргүзүүдө. Фонддун жетекчиси Таалай Чотоев буларды айтты:

- Сары-Камыш айылындагы ФАПтын курулушу 2014-жылы башталган. 15 млн. сом каражат толугу менен бөлүнүп берилген. Бирок ушул кезге чейин курулуш аягына чыга элек. Төрт фирма менен соттошуп, азыр жумуштардын 90% бүтүп калды. Кетмен-Төбө айылындагы Жаңы-Арык мектебин куруп жаткан фирманын жетекчиси каза болуп, иш токтоп калды. Анын иши азыр сотто каралып жатат. Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылында таза суу чыгаруу үчүн түтүктөрдү орнотуу жумуштары башталган. Ал да сапатсыз жүрүп жаткандыктан орган кызматкерлери текшерип, убактылуу токтотуп койду. Жалпысынан төрт объектте текшерүү жүрүп жатат. Фонддо 13 адамдан турган байкоочу кеңеш, райондук администрация башчысы болуп каражаттарды чогуу бөлүштүрөбүз. Ар бир айыл өкмөт бизге жылына долбоорлорду сунуштайт.

Ошол эле кезде Токтогул райондук атайын фондунун байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү да бул жагдайды ырастап, акчанын агымын көзөмөлдөө мыйзамсыз жолдор менен жүргөндүктөн бир эле долбоорду бир нече ирет каржылаган фактылар бар экенин мисалга алышты.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Жолдубай Тезекбаев Токтогулда бир нече ирет каржылап, бирок бүтпөгөн курулуш долбоорлорун мисал келтирди:

- "Көтөрмө" насостук станциясын куруу үчүн тендерден бааланган баасы 6 миллион 500 миң сом болгон. Ал долбоор боюнча 2016-жылы эле бүтүшү керек эле. Анан ал эки жылдан бери бүтпөй, былтыр да 2 миллион 216 миң сом, кийин 424 миң сом бөлүнгөн. Ошол эле насостук станциянын балкасына, кранына 886 900 сом каралган. Мында 750 миң сомдой акча жок болуп жатат. "Бозтектир" деген арыкты чыгарууга 3 миллион 600 миң сом чыгымдалды дешкен. Бирок ошол арык дагы деле ишке кире элек. Былтыр "арыктын ремонтуна" деп, дагы 600 миң сом бөлүп коюшкан. Мындан сырткары "Жаңы-Арык", "Тегерек" деген каналдарды баштап коюшкан. Алардын курулуштары аягына чыга элек, бирок жылда акча бөлүнүп турат.

Токтогул районунун атайын фондунун жооптуу кызматкерлерине быйыл май айында Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306-беренесинин (“Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”) жана 171-беренесинин (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу”) негизинде эки жолу козголгон кылмыш иши токтоп турат. Анткени Токтогул райондук ички иштер бөлүмү соттук-бухгалтердик, соттук-курулуш экспертизаларынын корутундулары чыга электигине байланыштуу тергөөнү убактылуу токтоткон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG