Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты. Ал «Азаттыкка» комментарий берип, кайсы бир партия менен шайлоого бара турганы жөнүндө мурда сөз кылбаганын билдирди.
Буга чейин Каныбек Иманалиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жыйындарына катышкан сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланган болчу.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негизде 25-августта документтери артка кайтарылган. Партиянын жетекчилиги сотко кайрыларын билдирген. (SE)
Окуганга кызыктуу
Бакир уулу: «Бүтүн Кыргызстан» курултайдагы тизмени өзгөрткөн Боршайком сынга кабылдыКарантинден кийин өзбек жаштары «Бакыт үйүн» каптады Иса Өмүркулов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратӨкмөт инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик органдардын жетекчилерин куратор кылып бекитетОоганстанда селден көз жумгандар 100 кишиден ашты