Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Ооганстанда селден көз жумгандар 100 кишиден ашты


Урандылардын алдында калган адамдарды чыгарып баратышат. Чарикар шаары, Ооганстан. 26-август, 2020-жыл.
Урандылардын алдында калган адамдарды чыгарып баратышат. Чарикар шаары, Ооганстан. 26-август, 2020-жыл.

Ооганстанда нөшөрлөгөн жаандан улам каптаган сел 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Бийлик 300дөн көп киши жарадар болгонун билдирди.

Парван провинциясынын администрация өкүлү Вахида Шахкар ураган үйлөрдүн алдында калган адамдардын сөөктөрү дагы эле чыгып жатканына байланыштуу курмандыктар мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар экени кабарланды.

Шахкардын айтымында, Кабулдан 60 чакырым түндүктө, Баграм авиа базасына жакын жайгашкан Парван аймагынын борбору Чарикар шаарында 1000дөн көп турак жай жабыркады.

Сардаба кырсыгынын сыры жана чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:43 0:00

Ооганстандын президенти Ашраф Гани каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, селден жабыркаган Парван жана башка провинцияларга гуманитардык жардам жеткирүүгө буйрук берди.

Сел бир катар провинцияларда жүрдү. Нангархар, Майдан-Вардак аймактарында да мерт болгондор бар.

Жыл сайын жайында жааган нөшөрдөн Ооганстанда сел жүрүп, жүздөгөн тургундардын өмүрүн алат.

XS
SM
MD
LG