Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Өкмөт инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик органдардын жетекчилерин куратор кылып бекитет


Өкмөт жыйыны. 26-август, 2020-жыл.
Өкмөт жыйыны. 26-август, 2020-жыл.

Ар бир өнөр жай ишканасына жана инвестициялык долбоорго мамлекеттик органдардын жетекчилери куротор болуп бекитилет. Алар долбоордун ишин илгерилетүүгө көмөктөшүп, ишкананын өнүгүшүнө жооп беришет. Бул тууралуу 26-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында маалымдады.

Бороновдун айтымында, бул механизм ишканалардын карантинден кийинки абалын жөнгө салып, маселелерди ыкчам чечүүгө, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүш үчүн түзүлүп жатат.

Бирок өкмөт азырынча кимдер кайсы ишканага, долбоорго куратор болгонун маалымдаган жок.

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнга алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болору айтылган. 2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды. Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. (TSh)

XS
SM
MD
LG