БШК «Кыргызстанды» каттабай, документтерин кайтарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Мындай чечим Боршайкомдун 25-августтагы жыйынында кабыл алынды. Партиянын лидери Канатбек Исаев буга макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди.