Германиянын полициясы орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный жаткан Берлиндеги ооруканада коопсуздук чараларын күчөткөнү маалым болду.
Навальный 22-августта Омскидеги ооруканадан Германияга атайын санавиация менен жеткирилген.
Немецкие полицейские охраняют клинику Charite,в которой сейчас получает лечение Алексей Навальный. Фото: МБХ медиа pic.twitter.com/Pslg7rWsch
— МБХ Медиа (@MBKhMedia) August 23, 2020
Азырынча Берлиндеги Шарите ооруканасы саясатчынын абалы тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Бирок каттамды уюштурган активисттердин тобу анын абалын «тынчсыздандырарлык» деп айтышууда.
44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.
Дагы караңыз
Навальный ууланып, комага түштүНавальныйдын аялы Путинге талап койдуПутиндин каршылашы комада жататАл учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.
Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.
Дарыгерлер Навальныйды чет жакка дарыланууга чыгарып кетүүгө дароо макул болушкан эмес.