Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Путиндин каршылашы комада жатат


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Орус президенти Владимир Путинди сындап жүргөн саясатчы Алексей Навальный ооруканага шашылыш жаткырылды.

Анын тарапкерлери саясатчы комага түшкөнүн, ууландырылган болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Дарыгерлер бул маалыматты ырастай элек.

Кремлдин башкы каршылашы, Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный эстен танган абалда Омск шаарындагы ооруканага жеткирилгенин анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 20-августта «Твиттер» аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, Навальный бейшемби күнү эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен учуп келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканага барып, эстен танып жыгылган соң учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ярмыш 44 жаштагы оппозициячыл саясатчыны ууландырып коюшканын, ал комада жатканын Москва сааты боюнча 9:23тө «Твиттерге» жазды.

«Алексей баягыдай эле жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Абалы оор, комада жатат. Анализдеринин жыйынтыгы азырынча чыга элек», - деп билдирди Ярмыш.

Ярмыш саясатчыны «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышы мүмкүн деп шектенип жатат. Анын айтымында, Навальный бүгүн чай гана ичкен жана уулуу зат ысык суюктук менен организмге тез тараган болушу мүмкүн.

Томск шаарынын тургуну Павел Лебедев «Инстаграмына» Навальныйдын аэропортто чай ичип отурган сүрөтүн жарыялап, андан соң аны менен учакка чогуу отурганын, саясатчы «өзүн абдан жаман сезип», «оорудан кыйкырып жатканын» жазды. «Медиазона» басылмасы Навальный чай ичип отурган жайды «Венская кофейня» деп тааныды.

Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш адеп дарыгерлер эч маселеси жок эле маалымат бөлүшүп жатканын, бирок бир нече сааттан кийин түзүгүрөөк жооп бербей калышканын билдирди.

«Реанимацияда толтура полиция кызматкерлери жүрөт. Алар дарыгерден түшүндүрмө алууга аракет кылышууда. Дарыгер мени коридордон көрүп калып, «айрым нерселер жашыруун» деп, полицияны башка бөлмөгө алып кирип кетти», - деп жазды Навальныйдын басма сөз катчысы Ярмыш.

Азырынча орус бийлигинин өкүлдөрү бул окуя боюнча үн ката элек. ТАСС агенттиги Омскидеги №1 оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховскийге таянып, саясатчынын «абалы оор» экенин жазды. Муну оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Анатолий Калиниченко да журналисттерге ырастап, Навальный жасалма дем алуу аппаратына туташтырылганын белгиледи. Бирок ал саясатчынын өмүрүнө канчалык коркунуч жаралып жатканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартып, анын диагнозу такталып жатканын, бүгүн кечке чейин билинип каларын айтуу менен чектелди.

«Анын азыркы абалына уулануу себеп болду деп ишенимдүү айта албайбыз. Анын саламаттыгынын начарлап кетишинин бир себеби катары кадимки уулануу каралып жатат. Ошол эле учурда чукулунан кармаган оору да ушундай абалга алып келиши мүмкүн. Биз бардык версиялардын үстүнөн иштеп жатабыз. Айрымдарын тастыктап, айрымдарын четке кагып жатабыз. Толук маалымат бере албайм», - деди дарыгер Калиниченко.

Навальныйга «зеленка» сымал химиялык кошулманы чачып кеткенден кийин тартылган сүрөт.
Навальныйга «зеленка» сымал химиялык кошулманы чачып кеткенден кийин тартылган сүрөт.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин иликтеп, эсепсиз байлыгын ашкерелеп келет.

«Тайга.инфо» порталы Навальный бир нече күн Сибирде болгонун, ал кезектеги иликтөөсү үчүн материал чогултуп жүргөн болушу мүмкүн экенин жазды. Саясатчы адегенде Новосибирскиге келип, ыктыярчылар менен жолуккан соң Томскиге кеткен.

Навальный соңку жылдары бир нече жолу камакка алынган. Ага президенттик жарышка катышууга уруксат берилген эмес. Саясатчы Москванын мэрлиги үчүн шайлоого да катыша албай калган.

Ал 2019-жылдын июль айында «бийлик уруксат бербеген митингдерге элди чакырган» деген жүйө менен 30 күнгө камалган. Ал Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында жазасын өтөп жатканда уулануунун белгилери менен ооруканага түшкөн эле. Бирок анда Москвадагы Н. В. Склифосовский атындагы тез жардам институтунун башкы дарыгери Навальныйдын организминде уулуу заттар табылбаганын билдирген.

Кийинчерээк Навальный орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланышканын, бул үчүн орус бийлиги шек саналганын эске салган.

2018-жылы апрель айында Москвада белгисиз бирөөлөр Навальныйдын көзүнө жашыл түстөгү химиялык кошулма чачып кетишкен. Ошол эле жылы сентябрь айында «Медиазона» сайтынын редактору, оппозиционер Петр Верзилов да ууландырылып, бир нече күн комада жаткан. Ал акыры Берлинге жеткирилип, ошол жактан айыгып келген. Верзиловдун ууланышы боюнча тергөө иштеринен тыянак чыккан эмес.

Дагы бир оппозиционер, орус аткаминерлерине каршы америкалык санкцияларды жактаган Владимир Кара-Мурза да 2017-жылы эки жолу ууландырылып, реанимация жатып чыкканы белгилүү болгон. Орус бийлиги оппозициянын өкүлдөрүнүн ууланышына байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG