Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Навальныйдын аялы Путинге талап койду


Юлия Навальная.
Юлия Навальная.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын аялы өлкө президенти Владимир Путинге кат жазды. Анда күйөөсүн Германияга алып кетиш үчүн «уруксат берүүнү талап кылары» айтылган.

«21-август саат 12.00дөн тартып Алексей Анатольевич Навальныйды жогорку деңгээлдеги дарыгерлердин көзөмөлү астында алып кетүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар», деп жазылат Юлия Навальная кол койгон катта.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-августта эгер кайрылышса саясатчыны чет өлкөгө эвакуациялоого жардам беришерин билдирген. Азырынча президенттик администрация Навальнаянын катына жооп бере элек. Андан мурдараак оппозициячыны дарылап жаткан адистер орун которууга уруксат беришкен эмес.

Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу - зат алмашуунун бузулушу деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

Мындай бүтүмгө бейтаптын жакындары ишенбей, «аны ууландырышкан» деп жатышат.

Орус бийлигинин элдешкис каршылашы болуп саналган Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эс-учун жоготуп жыгылып, учак Омскиге шашылыш конуп, комага түшкөн Навальный ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG