Расмий Кабул менен «Талибан» кыймылынын Ооганстандагы дээрлик 19 жылга созулган согушту токтотууну көздөгөн өз ара сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрдү Катардын баш калаасы Дохада башталат. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад 9-августта «Твиттерге» жазды.
Ал Ооганстандагы Элдик курултай - Лойя Жырганын жана ооган президенти Ашраф Ганинин 400 талиб жоочусун абактан бошотуу тууралуу чечимин кубаттады. Анын алдында 3400дөй делегат катышкан Лойа Жырга абактагы талибдерди бошотууну сунуш кылып, ага президент Гани да макулдугун берген.
Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылы февраль айынын соңунда кол койгон тынчтык келишимине ылайык, Кабул өкмөтү камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга убада берген. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.
Андан бери ооган өкмөтү «Талибанга» тиешеси бар 4600 адамды абактан бошотту. Талибдер өздөрү убада берген миң адамдын баары эркиндикке чыкканын билдирүүдө. Аталган кыймылдын өкүлү Сухаил Шахин талибдер оогандардын ички диалогун алдыңкы 10 күндүн ичинде баштоого макулдук бергенин «Reuters» агенттигине ырастап, бирок атышууну токтотуу маселеси сүйлөшүү маалында гана чечилерин айтты.
Дагы караңыз Ооганстандагы абактан жүздөгөн адамдар качып кетти