Чек арада кырдаал тынч

31-майда Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, "булак бизге таандык" деп сөз талашып чырдаша кеткенде чыккан. 

Чечмеде топтолгондор.

Чечмедеги кырдаал.

Чырда эки тараптан тең адамдар жабыркады.

Чек арада топтолгондор бири-бирине таш ыргытууда, бир нече үй өрттөнүүдө.

Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Сох районунун акими жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат" деп маалымат таратты.

Чек ара кызматы маалыматты Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү бийликтен алуу керектигин айтты.

31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.