Алмазбек Атамбаевдин камак мөөнөтү узартылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Биринчи май райондук соту бүгүн, 20-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Райондук соттун көчмө жыйыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында жабык өттү. Атамбаевдин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрыларын билдиришти.