Авария абалындагы үйлөрдүн азабы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжайда жүздөн ашык кожолук 2011-жылдан бери күндөн күнгө кыйшайып жаткан авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөрдө күн өткөрүп келишет. Алардын алтымышы өтө кооптуу, жашоого жараксыз болгон үйлөрдө. Өмүрүн тобокелге салып, коркунучта жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү "кокус бир нерсе болуп кетсе, ким жоопкерчиликти алат?" деп кооптонуп күн өткөрүп жатат.