Сел Баткендин шаштысын кетирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен облусунун Баткен районунда бүгүн эртең менен катуу жааган жаандан улам 50 үйдү сел каптады. Эң көп жабыркаган Ак-Сай айыл аймагындагы Кара-Бак айылында 45 үйдү суу каптады. Айылдарды аралап өткөн каналдан ашкан суу Самаркандек айыл аймагында эки үйдүн короолорун каптаса, Чет-Кызыл айылында бир үйдүн, Төрткүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында бир үйдүн ичине суу кирип, дубалдарынын жарымын бузуп кеткен. Ошондой эле Дара айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында бир тоок фермага селдин суусу кирген.