"Санжардын сөөгү келерин күткөн эмесмин"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусиядагы аскердик окуу жайда окуган кыргызстандык курсанттын сөөгү жакында Чолпон-Атада жерге берилди. Төртүнчү курста окуган курсанттын сөөгү 10-декабрдын Курган шаарындагы жатакананын ваннасынан табылган. Орусиянын тиешелүү органдары алгачкы иликтөөлөргө таянып курсант жеке маселелерден улам асынып алган деген тыянак чыгарган. Бирок Санжардын жакындары ал өз өмүрүнө кол салганына ишенбей жатышат. Учурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын окуу жайларында кыргызстандыктар да билим алышат. Алар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык атайын квота менен барып окушат.