Жаңы конуштагы кышка даярдык
Конуш четиндеги үй. Үй ээсинин кышка даяр эместиги көрүнүп турду.
Конушта балдар ойной турган аянтча жок. Чыткурсактар үйүлгөн кумду чачышат.
Конуштагы келиндер кирди көбүнчө колго жууйт.
Бул үйдүн тургуну көп бүлөлүү көрүнөт.
Дүкөн айылдын баш жагында жайгашкан.
Дүкөнгө шашкан бала.
Маршрутка каттабагандыктан унаасы барлар унаа менен, жөө жүргөндөр бир топ аралыкты басып үйүнө жетишет.
Кээ бир айдоочулар жөө адамдарды шаарга чейин ала кетет. Бир чети соопко калса, бир чети тыйын табат.
Такси менен жүргөндөр да жок эмес.
Үйүн бүтүрүүгө үлгүрбөй калгандар.
Суукка карабай курулушту уланткан усталар.
Үйдөн мурда көзгө урунган кооз коргон.
Конушта үйдүн пайдубалы бар жерди кымбат сатып, пайда көргөндөр арбын.
Ар бир конуштун өз устасы бар.
Батир бизнесин баштагандар.
Таштандыны чуңкурга төгүшөт.
Аптапта керектүү душ азыр бош турат.
Туулган күнгө шашуу.
Кумайык.
Куш учкан жерди кут уялайт.