Акындыкка узак жол
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалгас Садыр уулу 20 жашта. Жакында эле Казакстанда өткөн жаш төкмө акындар айтышында экинчи орунду ээледи. Аны көпчүлүк казак уулу деп ойлошот. Бирок, Жалгастын улуту кыргыз, азан чакырылган аты Улан. Ал өз улуту, атасы тууралуу 18 жашында гана билген. Ушул тапта Алматынын четиндеги айылдардын биринде ат багып иштейт. Кыргызстанда туулуп, Казакстанда чоңойгон жигиттин оор тагдырын бир гана төкмөчүлүк өнөрү женилдетип, үмүттүү кыялга батырат...