Кармалган эчкемер коё берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кармалып, байлоого алынган эчкемер талаага кое берилди. Ага чейин жоголуп кетет деп Кызыл китепке киргизилген эчкемерди бирөө кармап, сатып жатканы тууралуу маалымат Интернетте тараган болчу. Маалыматты иликтеген аңчылык департаментинин кызматкерлери эчкемерди Өзбекстандык жарандын үйүнөн таап, талаага кайра кое берди.