Көп балалуу эненин арманы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз өкмөтү 2015-2017-жылдары калкты социалдык жактан коргоо үчүн атайын программа кабыл алган. Аны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 249 миллион сомго жакын акча каралган. Ошого карабастан өлкөдө мамлекеттик колдоого муктаж үй-бүлөлөр аз эмес. Ушундай бүлөлөрдүн катарына кирген Перизат Дүйшеева менен Алмаз Абдубахапов сегиз баласы менен Бишкектин четиндеги конушта оор турмушта күн кечирип жатат.