Жазгы селдин кесепети
Ошто куткаруучулар Ак-Буура дарыясындагы селден бир кызды куткарып калышты.
ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган дарекке барышып, куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамында селдин кесепетинен суунун ортосунда калып кеткен 1993-жылы туулган Базарова Зарина Ахматбаевнаны аралчадан алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, аман-эсен куткарып калышкан.
Сузакта сел суулары турак жайларды каптады.
Кара-Жыгач айылынын тургундары сел каналга эгин суугаруу үчүн тосмо кургандыктан, 2016-жылдын 18-апрелине караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен селканалдын суусу тосмого чогулуп, селканалдан ашып, айылдын ичине кирип, он эки турак үйдүн короо сарайларын жана там аркаларын каптаган.
Анын ичинен бир турак үйдүн жер төлөсүнө суу киргендиктен көзөмөлгө алынды. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Төлөйкөндө сел бодо малды да агызды