Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Селдин чыгымдары эсептелүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жергиликтүү бийликтер селди алдын алуу иштерин керектүү деңгээлде аткарышкан эмес деп билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жергиликтүү бийликтер селди алдын алуу иштерин керектүү деңгээлде аткарышкан эмес деп билдирди.

18-апрелдеги катуу жаандан Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы айрым айылдар электрсиз, жолсуз, суусуз калды. Бир нече үйлөрдү суу каптады. Мурунтан күтүлүп жаткан селди алдын алса болот беле?

Кечээки селдин айынан Ош шаарынын 70 пайызы эки күндөн бери таза суусуз жашап жатат. Аны менен кошо Ош шаарынын түштүк тарабындагы Төлөйкөн айылы таза суусуз жана сугат суусуз калды. Жергиликтүү кеңештин депутаты Байсал Сатыбалдиев селдин кесепеттерин тез арада жойбосо, талаачылык иштери токтоп каларын айтууда.

- Биздин айыл сууну Кодогошун-Арык деген чоң каналдан ичет. Кечээки сел каналды бузуп кетти. Бул канал биздин айылга караштуу миң гектардай жерди сугарат. Аны тез арада калыбына келтирбесе, жазгы талаа иштери токтоп калат.

Кырсыкты алдын албаган кайдыгерлик

18-апрелдеги өткүндөн кийинки суу ташкыны Чүй облусунун Москва районунда 6 үйдү жана 15 имаратты каптаган. Ош облусунун Алай районунда 5 турак үйдү жана 17 үйдүн тамаркасын сел алган. Бир көпүрө бузулуп, Буудалык айылынын жолу тосулуп калган. Кара-Суу районунда болсо 5 турак үйдү сел каптаган жана бир уйду агызып кеткен.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондору селден эң көп жабыркаган аймактар болду. Ушул сааттарга алынган маалыматка караганда, Ала-Бука районунда 55 кожолук жолсуз калса, 105 түтүн эл таза суусуз отурат, дагы 7 турак үйгө суу кирген. Ал эми Сузак районунунда 6 үйдү сел каптаган. Аксы районунда болсо, эки мал сарайды сел алып, эки баш бодо мал жана 27 баш кой-эчкини агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов жергиликтүү бийликтер селди алдын алуу иштерин керектүү деңгээлде аткарышкан эмес деп билдирди.

- Биз мурунтан эле кооптуу жайларды аныктап, аларды оңдоо, кошумча коопсуздук чараларын көрүү сунушун жергиликтүү бийликтерге берип келгенбиз. Маселен, кечээки селди да үч күн мурун эскерткенбиз. Азыр селдин зыяндары эсептелип, кырсыктын болушуна жол берилген шарттар да иликтенип жатат. Жыйынтыгында жергиликтүү бийликтердин канчалык күнөөсү бар экени да текшерилет. Кимдин күнөөсү канчалык экени, коюлган тапшырманы өз убагында аткарбай койгону аныкталса, ал жетекчиге чара көрүү жагы прокуратурага сунушталат.

"Көй чай ичкенче, арык тазала"

Ош шаарынын тургуну, талдоочу Төлөгөн Келдибаев кооптуу жерлер мурунтан белгилүү болгондуктан жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга кайдыгер мамиле кылган аткаминерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек дейт.

- ӨКМдин кырсыктарды алдын алуу борбору бар. Алар жер-жерлерде кырсык боло турган аймактарды аныктап, кырсыктын алдын алуу үчүн кандай жумуштар аткарылышын жергиликтүү бийликтерге сунушташат. Бирок көп аткаминерлер жарандык коргонуу багытындагы сунуштарга кайдыгер мамиле кылышат. Жай ичи көлөкө издеп, аш демдетип, көк чай ичип жатышат. Ошондой шалаакылыктын айынан 10 миң сом чыгым менен бүтө турган маселе убагында чечилбей, кырсык болгондон кийин эл миллиондогон чыгымга дуушар болуп жатат. Андай жетекчилердин ишмердигине укуктук бааны прокуратура бериши керек.

Өлкөнүн эгемендүү тарыхында жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга кайдыгер мамиле кылган үчүн жазаланган жетекчи болбогону айтылат. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри баш болуп, сел каптаган айылдарды кыдырып жүрөт. Азырынча селдин зыяндары так эсептелип чыга элек.

XS
SM
MD
LG