Майлуу-Суудагы калдыктар зыяны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Майлуу-Суу шаарындагы тамак-аш калдыктары менен өндүрүш таштандыларын төгүүчү жайда экологиялык жана санитардык абал курч бойдон турууда. Жугуштуу илдеттер шаар тургундары менен жакынкы айылдарды каптоо коркунучун жаратууда. Экологдор шаар мэриясы менен тиешелүү мекемелерге билдирүүлөрдү таратып, таштанды төгүүчү полигонун башка жайга көчүрүүнү эскертишүүдө.