Көк-Таш: жаңжалдан кийин

Көк-Таш айылындагы орто мектептин Тажикстан менен чек араны бөлүп турган жолго караган терезелери сынган. 

Бул мектептеги чек арачылардын демилгеси менен уюшулган жаш чек арачыларды даярдаган бөлмө болчу.

Кээ бир терезелердин жыгачтары да сынып кеткен. Окуя түндө мектеп кароолу үйүнө чай ичкени кеткен убакта болгон. 

Мектеп айнектери сынганына жооп кылып кыргызстандыктар тажик айылындагы үйлөргө таш атышкан. 

Жаңжалдын чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эки  тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Учурда айылда абал тынч. Топтошкондор таркап кетишкен.

Бул жолдун сол тарабы Тажикстан, оң тарабы  Кыргызстан.