Баткен: жаңжалдан кийин

Учурда топтолгон эле тарап, күч кызматтары абалды көзөмөлдөөдө. 

Жаңжалга бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууганы себеп болгон.

Расмий маалымат боюнча, чектеш аймакка эки тараптан кошулуп, 200дөй адам чогулган. Алар бири-бирине таш ыргытып, Кыргызстан тараптагы төрт үйдүн айнектери жана шыйпырлары сынган.

Баткендеги чек ара жаңжалы учурунда жабыркаган кыргызстандык төрт жаран облустук ооруканага жаткырылды.