Сузак: жер көчкү алты адамдын өмүрүн алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, 23-майдан 24-майга оогон түнү саат 01:49 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган. 

Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү бүгүн эле жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

Кырсык болгон айылда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана орун басары Равшан Рысбаев баштаган куткаруучулар иштеп жатат. Куткаруу иштерин министрликтин Жалал-Абад облусундагы адистери жана райондук бийлик түзгөн ыкчам топ айыл тургундары менен бирге улантууда. Ошондой эле Оштон дагы 20 куткаруучу барып, жардам берүүдө.