Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Сузак: кырсыктан жапа чеккендердин үмүтү


Сузактагы жер көчкү жүргөн айыл
Сузактагы жер көчкү жүргөн айыл

Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандарга үй курула баштады. Азырынча он адамга гана жер тилкеси бөлүнүп, сегиз үй президенттин резервдик фондунан каржыланууда. Көчкү жүргөн Кыр-Жол айылында дагы 80ге чукул үй-бүлө бар.

Сузактын Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө турак жай куруу иштери башталды. Ушул эле райондун Жашасын айылынан он үй-бүлөгө 8 сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп, курулуштун алгачкы этабы башталды.

Район акиминин милдетин аткаруучу Төрөгелди Түркбаев каражат президент тарабынан берилип жатканын айтты:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү 1,1 гектар сугат аянтын турак жай салууга трансформация кылып берди. 10 үйгө 8 сотыхтан бөлүштүрүп бердик. Көчкү жүргөндө беш турак-жай жабыркаган, мындан сырткары үч үй ошол аймакта калып калган. Ошолордун ар бирине президенттин резервдик фондунан 1,4 млн. сом каралып, үй курула баштады. Ал эми тоо боорунда калган эки турак жайга 200 миң сомдон ссуда каралган, алар курулушту өздөрү жүргүзүшү керек.

Кыр-Жолдун тургундары башка жашоочуларга да ушул жерден участок берилип, мамлекет алардын да маселесин эрте караса деген суранычын билдиришти. Айыл аймагында 89 үй-бүлөнүн жашоо-шарты буга чейин эле кооптуу деп табылган. Айыл тургуну Ормотай Оморалиев буларды айтты:

- Селден кетмен менен коргонуп отуруп жашым 70тен ашты. Азыр балдарыбыз шаарда, башка жерлерде батирлерде көчүп-конуп жашап жүрүшөт. Аларга үй алып берүүгө бизде каражат жок. Мал- жандыктарын багып, курут-май кылып эптеп оокат кылып жатабыз. Айылдагы башка жарандарга да ушул аймактан жер бөлүп берсе деген тилектебиз. Башка суранычыбыз жок.

Жашасын айылындагы турак жайлардын алгачкы пайдубалын түптөө аземине катышкан өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жабыркагандарга жер укугуна ээ болгон кызыл күбөлүгүн тапшырып, 31-августка чейин мамлекет сегиз үйдү куруп бүтүрөрүн убада кылды. Ал эми калган жашоочулардын маселеси акырындап чечилерин билдирди:

- Башында биз силердин баарыңыздардын маселеңиздерди ойлоп, өкмөткө трансформация кылууга 10 гектар жерди сунуштаган элек. Бирок азыр өкмөт анын баарын трансформациядан чыгарып алып, башка бирөөлөргө сатып жибересиңер деп ишенбей турат. Ошол себептүү, алар бизге муктаждык үчүн бир гектар гана жерди чечип берди. Алдыда ар бириңиздердин жашоо-шартыңыздарды мониторингден өткөрүп тактап, анан өкмөткө жиберсе, алар чечип берсе керек. Анын баарын иш графиги менен аткарганга аракет кылабыз.

Облус жетекчисинин бул сөзү жабыркагандардын айрымдарын канааттандырган жок. Кырсыкта бир тууган агасы менен жеңесинен айрылган Эген Алымбеков мамлекет айрым жагдайларга көңүл бурбаганына кейиди:

- Акемдин артында калган үч баласын кароо эми менин моюнумдагы милдет. Азыр эки баласы бойго жетип, бир кызы жолдошу каза болгондон кийин төркүнгө келе берген, анын да үч жаштагы баласы көчкү алдында калды. Азыр эми куруп жаткан бир үйгө ошолор батабы? Президент келгенде айткан болчу, эки баласынын бирине там салып беребиз, экинчисине өзүнчө жер тилкеси бөлүнөт деп. Бирок азыр губернатор эч нерсе жок деп айтып жатат. Эмне кыларымды билбей калдым. Мен буга чейин эч кимге жалбарып, эч нерсе сураган адам эмесмин.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин адистери учурда Кыр-Жолдогу айылдыктардын абалын жеринде текшерүүдө. Учурда болгону 20га жакын гана үй-бүлөнүн кооптуу аймакта жашап жатканы аныкталган. Калгандары текшерүү жыйынтыгында маалым болот дейт министрликтин облустук башкармалыгынын бөлүм башчысы Эрнест Дыйканбаев:

- Башында бул айылда 82 үй кооптуу деп жатышкан. Бирок арасында жашоого боло турганы да, болбой турганы да бар. Көпчүлүгү ата конушун таштап кетүүнү каалабайт. Изилдөөнүн натыйжасында, 20 үйдү такташыптыр. 1994-жылдары 27 үй-бүлөгө көчкүлө деп ссуда берилген, бирок алар конуш которбой кээ бирлери турак жайларын башка адамдарга сатып жиберген же баласына каттатып койгон. Ошол жагдайлар да азыр иликтенип жатат. Соңку жыйынтык боюнча жергиликтүү бийликке сунуш беребиз.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда жер көчкү, сел ташкандары жана таш кулоо коркунучу бар 530 участок катталган. 1994-жылдан бери адистер тарабынан 2700 турак жай кооптуу деп табылса, учурда ал жерлерде 800гө чукул үй-бүлө жашап келет.

XS
SM
MD
LG