Алп тоону айланып учкан Марсел

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парапланда туристтерди учуруу тоо спортунун эң кымбат түрлөрүнүн бири. France Air авия компаниясынын учкучу Виржини Фредо бош убактысында майыптарды парапланда учурат. Бул жооптуу жана маанилүү кызматты ал ай сайын акысыз көрсөтүп келет. Алпы тоолорунун батышындагы “Көл дө ля Фолкляр” учуулар платформасынан Жаңыл Жусупжандын тасмасын сунуш этебиз.