Сүйүү чектөөгө баш ийбейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Лейлек районунун Айбийке айылынын 30 жаштагы тургуну Нурбай Базарбаев 3 жашында ооруп, баспай калган. Ал Мой Мир социалдык тармагынын сүйлөшүүчү агенти аркылуу Элмира деген кыз менен таанышкан. Жыйынтыгында эки жаш ата-энелердин каршылыгына карабай баш кошуп, Элиза аттуу кыздуу болушкан. "Күн өткөн сайын бири-бирибизге болгон мээримибиз артып, таарыныша кеткенде телефондон жазышабыз",- дейт Элмира.