Баткен: чек арада кырдаал курч

Чек арадагы Жака-Өрүк деген жерде топтолуп турган эл, 8-май.
 

Кыргыз-тажик чек арасында тутанган жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлдү.

Жергиликтүү тургундар эл топтолгон жерге баратышат. Көк-Таш айылы, 8-май.

Чек арада турган кыргыз аскерлери, Жака-Өрүк, 8-май.

Түнкү жаңжалдан жабыркаган кыргыз жараны, Жака-Өрүк, 8-май.

Жабыркагандарды Тез жардам алып кетүүдө.

Чек арага топтолгон эл жолугушууга барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди ээн үйгө камап салышты. Жака-Өрүк, 8-май.

Вице-премьерди кармалып турган үй.

Жаке-Өрүктүн тургундары айланма жол салып, чырга себепкер тажик жарандарын жоопко тартууну талап кылууда.