АКШда Сенаттын комитети Уол Стриттин чоңдорун айыптады

Голдман Сакстын чоңдору Капитолийде сурак беришти

Уол Стрит – АКШда гана эмес, дүйнөдө эң таасирлүү финансылык борборлордун бири деп саналат. Бирок соңку 2-3 жылдагы глобалдык кризистин мезгилинде Уол Стри өзү тойсо да, көзү тойбогон ач көздүктүн чордону катары сынга алынып, кадыр-баркы кыйла түшүп кетти. Мына эми Уол Стриттин эң таасирлүү банкы болгон Голдман Сакска алдамчылык боюнча кине коюлууда. Бул банкты ал тургай Грециядагы экономикалык кризис үчүн күнөөлөп жатышат.


Америкалык сенаторлор Уол Стриттин 140 жыл тарыхы бар инвестициялык банкы болгон Голдман Сакстын АКШда турак-жай базарынын кыйрашындагы ролун териштирип башташты.

Сенаттын Баалуу кагаздар жана акча алмашуу комитети өткөн аптада бул банкты өз кирешесин көбөйтүүнүн амалында инвесторлордон өтө маанилүү маалыматты жашырып койгон деп күнөөлөгөн.

Ушул шейшембидеги алты саатка узакка созулган жыйында Сенаттын Тергөөлөр комитетинин төрагасы Карл Левин эл жык-жыйма толгон залда отурган Голдман Сакстын өкүлдөрүнө кайрылып, «өз кардарларыңарды да ойлобой, миллиондогон долларга туйтундуңар» деп күнөөлөдү:

– Голдман Сакс кардарларыбыздын, акция кармоочуларыбыздын жана кызматкерлерибиздин, өз жамаатыбыздын алдында идеяларды колдоп жана каржылап, өсүштү камсыздоого милдеттүүбүз деп ырастайт. Бирок фактылар Голдман Сакс көп учурда өз кызыкчылыгын кардарларынын жана биздин жамааттардын кызыкчылыгынан өйдө коюп келгендигин көрсөтүүдө.

Левин Голдман Сакстын мындай иш амалы бүтүндөй Уол Стриттин ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп жаткандыгын эскертти.
Голдман Сакс өз кардарларын да ойлобой, миллиондогон долларга туйтунган.
Карл Левин


Конгресстин иликтөөсүндө 2007-2008-жылдардагы финансылык кризис үчүн инвестициялык банктардын жоопкерчиликсиз иш-аракети күнөөлөнгөн. Бирок алардын ичинен Голдман Сакска айрыкча оор кине коюлууда.

27-апрелдеги угууда демократ сенатор Клер МакКаскил бул банктарга караганда, Лас Вегастагы казинолордун үстүнөн көзөмөл күчтүү десе, республикачы сенатор Жон Маккейн Голдман Сакс бери эле дегенде этикага жатпаган таризде иш алпаргандыгын белгиледи.

Бирок банк өзүнө чаң жугузган жок. Анын төрагасы Ллойд Блэнкфейн комитеттеги талкууга келген жок. Бирок анын алдын-ала жазган билдирүүсүндө «финансылык кризистин алгачкы эки жылында Голдман Сакс 1.2 миллиард доллар чыгымга учураганы, тобокелге салуучулукту өзүнүн акция колдоочулары менен көзөмөлдөөчүлөр күткөндөй деңгээлде баалап, иш алпарганы» айтылат.

Анын аралыгында, Голдман Сакс Түштүк Европга чейинки жерлерге бүлүк салып, Греция менен Португалия өңдөнгөн өлкөлөрдүн каржылык кризисине түрткү бергени үчүн айыпталууда. Голдман акыркы он жыл ичинде грек өкмөтүнө додолоп бараткан ички карызын жаап-жашырууга көмөктөшкөн банктардын катарында аталып жатат.

Талкуу президент Барак Обама жана анын Демпартиясы Уол Стриттин үстүнөн көзөмөлдү күч алдырууну караган финансылык реформа мыйзамын өткөрө албай жаткан мезгилге туура келди.

Мыйзамдын долбоору Конгресстин элегинен өткөн, бирок Сенатта анын жактырылышы үчүн бир нече добуш жетишсиз болуп жатат.

Уол Стриттин ишмердүүлүгүн сындаган уктуруу башталганда, Сенаттагы республикачылар демократтарга бут тосуп, бул мыйзам эки күн ичинде экинчи ирет талкууга коюлган маселелердин тизмесине кирбей калды.