Армяндар парламенттеги кандуу окуяны эскерүүдө

Армян парламентинин багында он жыл мурдагы чабуулдун курмандыктарына арналган айкел орнотулду, 27-октябрь, 2009-жыл

Арменияда куралдуу топ парламентке кыргын салып, сегиз кишини, анын ичинде өкмөт башчысы менен парламенттин төрагасын атып өлтүргөнүнө он жыл толду.
1999-жылдын 27-октябры өлкө үчүн демократияны тепсендиде калтырган бурулуш күн болуп калган.
Ал күнү парламентте депутаттар адаттагыдай ар кыл суроолорго жооп берип отурушкан. Бир убакта ок атылып, зал дүрбөлөңгө түштү да калды.

Катуу куралданган беш кишинин туш келди аткан огунан чү дегенде эле премьер-министр Саргсян менен парламенттин спикери Карен Демирчян сулап түштү. Дагы бир нече таанымал саясатчы да ошол жерден күм-жам болду.

Залда отурган журналисттердин арасында "Азаттыктын" армян кызматынын кабарчысы Рузанна Качартян да бар болчу:

Наири Хунанян, Армян сыналгысынан алынган сүрөт.

- Куралданган кишилердин тобу өкмөт башчысына жана депутаттарга ок ачышты. Алар парламенттин жанына жакын келгендерди да атабыз деп кыйкырып жатышат. Ок коопсуздук кызматынын кеңсесинен атылууда. Жарадар болгон бир депутатты алып кетишти. Куралчандардын чоңу «өкмөт элдин канын ичип бүттү» деп кыйкырып жатат, - деп билдирген эле отургучтардын алдына жашырынган кабарчы телефондон.

Саясий терроризмдин бул зөөкүр көрүнүшү кийинки күндөрү улуттук сыналгыдан улам кайра көрсөтүлгөн. Ал күнү парламенттен кабар берген дагы бир журналист Анна Израелиан бул кыргын анын жүрөгүндө кеткис так калтырганын эскерет:

- Жыйын залынан "Азаттыктын" кабарчысы Рузанна Качарян менен чогуу чыгып, парламенттин китепканасына барып жашындык. Эшикти отургучтар менен тосуп алып, бир бурчта бүрүшүп отурдук. Парламентке беш-алты куралчан эмес, чоң топ кол салса керек деп ойлодук. Азыр дагы жаңы чабуул болот деп күттүк. Өмүрүмдө биринчи жолу маңдайымда турган кишилер өлтүрүлдү. Мен ошол бойдон ал окуядан өзүмө келе алган жокмун.

Мурдагы журналист Наири Хунанян баштаган куралчандар «элди адам чыдагыс абалга жеткизген» бийликти кулатмак болгон. «Эл ачка отурат, Арменияда бир да жылыш, өзгөрүш жок» деп айткан эле Хунанян атышуудан кийин.

Беш куралчан эртеси эртең менен өздөрү келип, колго түшүп беришкен. Алар 2003-жылы киши өлтүргөн деген айып менен өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган. Соттун мезгилинде Хунанян Саргсянды өлтүрүү менен ал кездеги президент Роберт Кочаряндын бийлигин күч алдырып, «конституциялык тартипти» калыбына келтирүүгө жардам бердик деген.

Саркасянды сөөгүн кою аземинен, 31-октябр, 1999-жыл.

Бирок узакка созулган сот ишинде башкы суроолорго жооп алынган эмес. Анын ичинде, журналист болуп иштебей калган Хунанян парламентке Армениянын улуттук сыналгысы аркылуу кантип аккредитация алганы, же курал-жарак, ок-дары парламенттин жыйын залына кандайча алынып келингендиги азырга чейин белгисиз.

Хунанян кылмыш тууралуу жаңы маалымат берет деп айтылып жатканда сот иши тез эле бүтүп калган. Көпчүлүк бүгүн да чабуулдун башкы уюштуруучулары табылган жок деп эсептейт. Куралчандардын бири Врам Галстян кийинки жылы түрмөдө асылып өлгөн жеринен табылган.

Талдоочулардын ишениминде, мындан он жыл мурдагы бул окуялар жаңы эгемендик алган өлкө улуттун өзүн-өзү башкара алаарына болгон ишенимине терең шек келтирген. Трагедиядан кийинки жылдары президент Кочарян Армениянын жаңы түптөлүп келаткан демократиялык институттарын иш жүзүндө жок кылууга жетишти. Парламент өз алдынча орган болуудан калды. Көз карандысыз ири сыналгы станция жабылды. Саясий партиялардын сөзү өтпөй калды.