Сексуалдык аткезчилик кылмышынын анатомиясы

"Сексуалдык аткезчилик, бүгүнкү кулчулук бизнеси" деген жаңы чыккан китептин автору Сидхарта Кара "Азаттыкка" маек курду.

Сидхарта Кара АКШда туулган, ата-энеси Индиядан. Ал сексуалдык кулчулук эмне экенин 1995-жылы Босниядагы качкындар лагеринде волонтер болуп иштеп жүргөндө көрүп-билген. Көрүп-билгенин унута албагандыктан, бир нече жылдан кийин банктагы айлыгы жогору иштен баш тартып, сексуалдык кулчулуктун сырын иликтөөнү чечет.


- Сидхарта Кара, сиз укук коргоочу же активист эмес элеңиз. Нью-Йорктогу белгилүү Колмбия бизнес мектебин окуп жатып, глобалдык секс-индустриясын изилдөөгө кандайча кызыгып калдыңыз?

- Мен Дюк университетинде жаңы окуп жатканда эле Босниядагы качкындар лагерлеринде волонтер болуп иштөө үчүн долбоор түзгөм. 1995-жылы жайында босниялык качкындарга толгон лагерде иштеп жүрүп, качкындардын башынан өткөн көптөгөн ар кыл окуяларды уктум. Бирок серб аскерлери айылдарда эркектерди өлтүрүп, кыз-келиндерди Борбордук Европадагы сойкуканаларга саткандыгы тууралуу айрыкча көп уктум.

Колимбия университетинде окуп жүргөндө мен корпоративдик иштен көрө, бул окуяларды элге жеткиргеним туура болот деп чечтим. Ошол жайда сексуалдык аткезчилик кылмыштары дүйнөдө кандайча орун алаарын изилдеш үчүн бир нече өлкөнү кыдырдым.

-Китебиңизден барымтадагы кыздар, сойкуканалардын ээлери менен кездеше албай, бир нече айлап кыйналганыңызды окудук.

- Кулчулукту далилдөө өтө кыйын. Көбүнчө аткезчиликтин жана кулчулуктун курмандыктарына кризистик борборлордо жолуктум, башкалары менен сойкуканаларда сүйлөштүм. Сойкуканаларда аларды сөзгө тартуу жеңил эмес. Биринчиден, ал жакка кирип, англисче сүйлөгөндөрдү табыш керек. Андан кийин албетте аларды белгилүү мөөнөткө сатып алыш керек. Көп учурда алар сүйлөгүлөрү келбейт. Мен дароо эле ким экенимди, көздөгөн максатымды ачык айтчумун. Бирок алар ээлеринен коркушчу. Анткени, ээлери кулдарын текшериш үчүн, укук коргоочулар деп бирөөлөрдү киргизип, бирок кул болгонун болгондой айтып берсе, аларды катуу жазалашат.

- Силер бул чөйрөнү маселеге экономист жана социолог катары карап изилдедиңер. Аялдар, кыздар кантип ушундай күңчүлүккө туш келишет?

- Мен китебимде сексуалдык аткезчилик кылмышынын анатомиясын анализдедим. Кыз-келиндер бул чөйрөгө кабылышынын үч баскычы бар. Биринчи кулдарды сатып алышат, аларды сойкуканага жеткиришет, анан эксплуатация башталат. Мен билгенден, кыздарды ар кыл жолдор менен жумуш таап беребиз деп, же күйөөгө чыгуу сунушу менен алдашат. Кээде аларды өз үй-бүлөсү сатып жиберет. Кыздарга сөз айтып, сүйөм деп алдашат. Андан дагы мурда өздөрү кул болгондор аларды торго түшүрүшөт.

- Сиз өз китебиңизде баңгизат аткезчилигине караганда, адам аткезчилигине каршы күрөшкө жарыбаган каражат жумшалаарын белгилейсиз. Кулчулукту эмне үчүн оор кылмыш деп эсептөөгө анчейин көңүлдөнүшпөйт?


- Дүйнөлүк коомчулукта укук коргоочулар бул кылмышка абдан эле көңүл бурушат. Мен бул кулчулукту кулчулуктун башка түрлөрүндөй эле, адам баласына каршы кылмыш деп эсептейм. Бирок бул кылмышты экономикалык жактан иликтеп, анын эмне үчүн акыркы 15-20 жылда айрыкча күч алганын анча түшүнө бербейбиз. Бул кылмыштын зор масштабын кылмышкерлер дээрлик жазасыз зор пайда тапкандыгы менен түшүндүрүүгө болот.

- Сиз өз изилдөөңүздө тийиштүү мыйзам болгон күндө да тартип коргоочулар аларды аткарбай, тескерисинче, кээде өздөрү кылмышка аралашып кетээрин жазыптырсыз.

– Мыйзамды сактоо органдарындагы, чек ара кызматында жана акыйкаттык тармагындагы коррупция айрыкча өнүгүп келаткан өлкөлөрдө орчундуу проблемалар болуп саланат. Ошондой эле куралдуу жаңжалдар, социалдык туруксуздук, мыйзамсыздык менен катар аялдарды жана улуттук азчылыктарды басмырлоонун да "салымы" чоң. Мындай көрүнүштөр көбөйгөн сайын, коммерциялык секстин керектөөчүлөрүнүн саны өсүп, кулчулуктун эсебинен андай кызмат көрсөтүүнүн акысы төмөндөйт. Мында аялдарды басмырлаган менталитет да өз ролун ойнойт. Мисалы, Молдовада бир кыз "эгер Америкада эркек аялды урса, полицияны чакырасыңар, ал эми бизде аялды урган салт деп саналат" деп айтканын эч качан унутпайм.