Иранда исламчыл бийликтин саясатын сындагандарга кысым күч алды

Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади

"АКШнын жардамы менен Ирандын исламчыл бийлигин кулатуу кутумуна катышкан" деген кине менен Иранда эки белгилүү дарыгер 3 жана алты жылга эркинен ажыратылды. ЖИКС же СПИД оорусун дарылаган Араш Алаей жана анын бир тууганы Камяр Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбадинин Тегерандагы укуктук борбору жабылгандан кийин соттолуп отурат.
Ага-ини дарыгерлер өткөн июнда камакка алынган эле, алардын адвокаты ушул күндөрү Араш Алаей алты, Камяр Алаей үч жылга кесилгенин бышыктады. Экөөнүн урук-туугандары алардын эч кандай кылмыштуу иштерге аралашпагандыгын айтып, аларды кыйноо жолу менен жалган айыпты мойнуна алдырыштары мүмкүн экендигин эскертишкен.

Ага-ини Иранда ЖИКС оорусун жана аны пайда кылуучу АИВ вирусун алдын алуу программалары менен иштешкен. Алар ошондой эле ЖИКС боюнча эл аралык конференцияларга катышып, өздөрүнүн Ирандагы тажрыйбасы тууралуу чет элдик кесиптештери менен пикир алмашып турушкан. Мындан тышкары Камяр Алаей АКШнын Нью-Йорк штатындагы Албани Коомдук саламаттык институтунда докторлугун жазып жаткан.

Иранда реформаларды жактаган студенттердин "Биримдикти бекемдөө кеңсеси" деп аталган уюму бар. Бул уюмдун мүчөсү Мортеза Семияринин "Азаттыкка" билдиришинче, Иранда укук коргоочуларга, интеллигенция өкүлөрүнө, студенттерге кысымдын күч алышы бийликтеги эскичил күчтөрдүн коркок-билиштигин далилдейт:

Алаеилерге, студенттерге, аялдарга кысымды бийликтер "астейдил революция" деген ураан менен ишке ашырып жатышат. Бирок бул аракеттер тескерисинче жарандык коомдун көзүн ачып, активисттердин унчукпай калбашына түрткү болушу керек. Иш жүзүндө, мындай чаралар бийликтердин мамлекетти башкаруудагы чабалдыгын гана көрсөтөт.

Былтыр 21-декабрда Тегеранда белгилүү укук коргоочу, Нобелдын Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбадинин кеңсеси жабылган эле. Мындан бир нече күндөн кийин сабырдуу турумдары басылма саналган "Каргозаранга" тыюу салынды. Декабрда ошондой эле Киш шаарында сопуларга чабуул болуп, өткөн аптада Гонабади дервиштеринин алты мүчөсү камакка алынды. Ушул эле күндөрү Бахаи дин ишенимин тутунган беш киши Тегеранда түрмөгө салынды, ал эми Гаем шаарында бахаилердин көрүстөнүн талкалап кетишти. Тегеранда да жүздөгөн саясий айыпкерлердин сөөгү коюлган көрүстөн бар. Эл аралык Мунапыс уюму 9-16-январ күндөрү бул көрүстөндөгү мүрзөлөрдү бульдозер менен түрттүрүп салышканын маалымдады.

Студенттерге да кысым күчөгөн шекилдүү. Шираздагы университетте өткөн айда Улуттук студент күнү белгилегенден кийин кеминде 12 студент камакка алынган эле. Алардын аз дегенде экөө абакта кала берүүдө, ал эми калгандарын университеттин тартипти сактоо комитетине чакырып, мамлекетке каршы маалымат таркаттыңар деген кине тагышкан.

Ирандагы башка да университеттерде студенттер сурак беришкендиги кабарланууда. Студенттердин Биримдикти бекемдөө кеңсеси ушул аптада бул окуяларды айыптап, Ирандын өкмөтүн университеттерде бийликке жакпаган иш-чараларды бүт жок кылууну көздөп жаткандыгын эскертти.

Ирандагы Эл аралык Адам укуктары өнөктүгү деп аталган уюмдун өкүлү Хади Гаеминин пикиринде, иран бийликтери Газа тилкесиндеги кризистен пайдаланып, өздөрү исламдык бийликтерге тиш кайрайт деп эсептеген күчтөргө сокку урууда. Көпчүлүк байкоочулар ушул жайда өтө турган шайлоолордун алдында мындай иш-аракеттер дагы көбөйөт деп чочулап жатышат.