2014-ЖЫЛДАГЫ КЫШКЫ ОЛИМПИАДА ЗАЛЬЦБУРГДА ӨТӨБҮ?

Кечээ, 22-июнда 2014-жылкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө ынтызар шаарлардын катары дагы суюлуп, үч финалист тандалып алынды. Алар – Сочи, Залцбург жана Пиенчаң. Талапкер болгон дагы үч шаар менен катар Алматы ошентип, электен өтпөй калды.
2014-жылдагы Кышкы олимпиада оюндары кайсы шаарда өтөөрү келерки жылы гана белгилүү болот. 22-июнда Эл аралык олимпиада комитети арыз берген бардык жети шаарды электен өткөрүп, Орусия, Австрия жана Түштүк Кореянын жогоруда аталган шаарларын тандап алды. Комитеттин президенти Жак Рогдун жарыясы кол чабуу менен кабыл алынды:

Комитеттин аткаруу кеңеши 22чи Кышкы олимпиада оюндарын 2014-жылы өткөрүү үчүн мына бул талапкер шаарларды тандап алды: алар Сочи, Залцбург жана Пиеншаң.

Ошону менен аталган үч шаар Казакстандын Алматысын, Испаниялык Хака шаарын, Грузиянын Боржомисин жана Болгариянын байтактысы Софияны артта калтырышты. Рогдун айтымында, оюн өткөрө албаган шаарларды мындан ары убара кылбаш үчүн, үч финалисттин аты аталды. Ошол эле убакта ал электен өтпөй калган төрт шаарды келечектен үмүт үзбөөгө чакырды:

Талапкер болуп катышкан Хака, Алматы, София, Боржому шаарларына талыкпаган эмгеги жана дымагы үчүн ыракматыбызды айтабыз жана аларды максатынан тайбай, келечекте кайра талапкердигин коюга чакырабыз.

Финалга чыккан үч шаардын ичинен Залцбург кышкы оюндарды өткөрүү боюнча чоң тажрыйбага ээ болгондуктан, акыры жеңип чыгат деп болжолдонууда. Бул шаар түштүк кореялык Пиенчаң менен катар 2010-жылдагы кышкы оюндарга талапкер болуп, бирок Канаданын Ванкуверинен утулуп калышкан эле.

Кара деңиздин боюндагы Сочи өз кезегинде орус президентинин колдоосуна ээ. Анын үстүнө Сочиде Владимир Путиндин резиденциясы жайгашкан. Түштүк Корея сыяктуу эле Орусияда эч качан Кышкы олимпиада оюндары болгон эмес.