ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТ-ДҮЙНӨЛҮК ЖАҢЫ ТАРТИП

Үстүбүздөгү күндөрү дүйнөдө күнгө күйгөн cамба-бийчилери менен сары-жашыл футболкачандардын үстөмдүгү орноду, бир айлык футбол майрамында Бразилия теңдешсиз супер державага айланды. Жарды африкалыктар байманасы ташыган европалык державаларды алеки заматта ала салдырса, Кошмо Штаттары өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп шайы ооп турган чагы.
Төрт жылда бир жолу дүйнө бир айга астын-үстүн болот да калат. Кошмо Штаттары дүйнөлүк держава наамынан ажырап, ал таажыны Бразилия кийет. Ал эми Роналдиньо, Кака, Робиньо башкарган дүйнөдө жашоо да бөлөк!

Дүйнөлүк чемпионат - дүйнөлүк жаңы тартипти билгизет. Сурак жүргүздөндөр – Бразилия, Италия, Германия жана Аргентина. Ал эми Кошмо Штаттары, Орусия жана башкалар булардан ашпасак мейли, эптеп эл катарында калсак деп элеп-желеп. Бул өткөн аптада Германиянын Гелсинкирген шаарында Чех жумурияты кошмо штаттарын 0-3 эсеби менен сызга отургузганда айгине болду. Чын эле 10 миллиондуу, өнүгүшү боюнча дүйнөдө 50-орунда турган тырнактай, кечээки коммунисттик өлкө 300 миллиондуу супердержаваны тизелетип жатса, анан оңой бекен!

Албетте бул оюн гана, бирок төгөрөктүн төрт бурчундагы бир миллиард күйөрман үчүн ар бир оюндун мааниси да зор:

"Чехтерден утулуп калгандан кийин, аброюңарды калыбына келтирүү керек деген ой болдубу силерде?", деп ушул аптада Германиядагы маалымат жыйынында бир кабарчы АКШнын улуттук командасынын машыктыруучусу Брюс Аренаны ушинтип жарга такады. Арена чехтердин утуп алышын кадыресе көрүнүш катары сүрөттөөгө аракет кылды:

Биз репутациябызды жоготтук деп ойлобойм. Биз дүйнөдөгү номер экинчи командадан группалык оюндун ачылышында утулдук. Ушуну менен ичээр суубуз түгөнүп калбагандыр. Биз аброюбузду, уят-сыйытыбызды уттурган жокпуз. Биз болгону футболдон утулдук.

Деген менен машыктыруучу футбол аристократиясында Кошмо Штаттары дале кара тамандардын арасында кала берип жаткандыгын моюнга алууга мажбур болду. Дагы жакшы, экинчи оюнда кошмо штаттары Италия менен ойноп, 1-1 эсебинде тең чыкты.

32 өлкө катышкан мелдеш башталып жатканда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан футболду Бириккен Улуттарга салыштырган эле. Чыгында да футболдогу дүйнөлүк мамлекеттер БУУнун Коопсуздук кеңешин элестетет. Мындан 76-жыл мурда башталган чемпионатта баш байгени алгандар гана туруктуу мүчө боло алышат. Алар Бразилия, Германия, Италия, Уругвай, Франция, Британия жана Аргентина.

Арасында Чех жумурияты өндөнүп, куюшканга кыпчылгандар да жок эмес. Анткени, дүйнөдө экинчи күчтүү команда саналган менен, чехтер дүйнөлүк чемпионатта биринчи жолу финалдык оюнга катышып жаткан африкалык Ганадан 0-2 эсебинде утулбайт болчу да, туурабы?

Албетте, чалкеш мезгилде Бразилия да оңкосунан түшүшү ажеп эмес. 1998-жылы Франция ортодон чыга калып эле чемпион болбоду беле? Бул ирет Бразилия тактыда калса жаман болбойт эле, анткени жаңы дүйнөлүк тартип орносо, дагы төрт жыл жалаң оюн-зоок менен өтмөк.

Бир күйөрман деле айтыпатпайбы: "Бразилия – дүйнөдөгү кыйындын кыйыны, ошондуктан самба бийлейли деп"!