Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Зулушев күтүүсүз кызматтан кетти. Ордуна ким келет?


Курманкул Зулушев баш прокурор болуп 3,5 жылдан ашык убакыт иштеди.
Курманкул Зулушев баш прокурор болуп 3,5 жылдан ашык убакыт иштеди.

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп 3,5 жылдан ашык убак иштегенден кийин күтүүсүз отставкага кетти. Ал бул кызматка 2020-жылы Октябрь окуяларынын шары менен бийлик алмашкандан кийин дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңеште депутат болгон.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 4-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Гуля Кожокулова билдирди. Анын сөзү боюнча, жыйынга Курманкул Зулушев өзү келген жок.

Маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын айткан.

Ал коомчулуктун калың катмарына ириде 2013-жылы парламенттеги оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган өкүм чыгаргандан кийин таанылган. Апрель айында ага президент сөгүш берген.

Анын себеби кенге лицензия берген комиссиянын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганына байланыштуу деп айтылган.

Зулушевдин арызы

Курманкул Зулушев отставкага кеткени 3-июнда белгилүү болду. Буга байланыштуу расмий маалымат таратылган жок.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв ал мамлекет башчысына арыз жазганын ырастады. Ошол элде маалда Жапаров башкы прокурорлукка ушул системанын ичиндеги кадрлар арасынан талапкер тандап жатканын ырастады.

Алагөзөв Зулушевдин күтүүсүз отставкасынын себеби тууралуу түшүндүрмө берген жок. Мыйзамга ылайык, анын арызы эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Парламенттин басма сөз катчысы Жайыл Руслановдун "Азаттыкка" билдиришинче, азырынча сунуштама келе элек.

Садыр Жапаров өткөн айда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо комиссиясынын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн Зулушев менен жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Анда бул чечимге Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин каты негиз болгону жазылган.

Анда кайсы кен тууралуу сөз болгону белгисиз жана Зулушевдин отставкасы дагы бул ишке байланышы бар же жогу тактала элек.

Зулушев башкы прокурор кезинде коомчулуктан эсинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен пикир келишпестигинен улам да эсте калды. Ал 2022-жылы Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, ишин кайра уланткан. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иштин баары токтотулган.

Актоо чечими, Башкы прокуратурага жеткирген жол

54 жаштагы Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Мындан көп өтпөй эле алар куугунтук, коркутуу башталганын айтып чыккан.

Кийинчерээк Соттор кеңеши "судьялар Зулушев менен Сатиев депутаттардын ишин карап жатканда мыйзам бузууга жол берген" деген бүтүм чыгарган жана аларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунушту ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн да, натыйжада экөөнү тең иштен алган.

Зулушев менен Сатиев экөө тең 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесине менен барган. Экөө тең бул партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин квотасы менен кошулган. Анткен менен Зулушев "жетиштүү добуш алган эмес" деп "Республика - Ата Журт" партиясы тизмеден чыгарган алты талапкердин бири болгон. БШК аларды тизмеден чыгаруу жөнүндө сунушту колдогон. Талапкерлер Жогорку Сотко чейин арызданып, бул чечимди жокко чыгартышкан.


Башында Зулушев көп сүйлөбөгөн депутаттардын бири болгон. Кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковду, анын өкмөтүн катуу сындап, иштен кетишин ачык талап кылган эл өкүлүнө айланган. Алмазбек Атамбаев экс-президент кезинде буга байланыштуу Зулушевди сындап, анын артында "Райым миллион" деген лакап ат менен таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өңдүү адамдар турат деген оюн билдирген.

Зулушев Атамбаевдин дооматтарын четке каккан жана көп өтпөй экс-президенттердин ыйгарым укуктарын кыйла азайтууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштап чыккан.

2020-жылы апрель айында өлкөдө башкаруу формасын аныктоого байланыштуу мыйзам долбоорунун негизги автору болгон. Ошол эле жылы октябрдагы тополоңдон кийин бийлик алмашканда, ал Башкы прокуратураны жетектей баштаган.

"Өз позициясына, прицибине тура албады"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Зулушев 2013-жылы судья болуп турганда ошол кезде оппозицияда болгон саясатчыларды актап, эрдик кылган деп эсептейт. Андан кийин дагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөткөнүн айтты:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Курманкул Зулушев Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда өч алуу айлампасы күчөп турганда, шаардык соттун судьясы болуп турганда дагы бир судья Медербек Сатиев экөө менин кесиптештерим Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду эч нерседен коркпостон актап, эрдик кылган. Бийликтеги адамдын бийликке каршы туруусу - бул өтө татаал нерсе. Мен ошондо Зулушевди абдан сыйлап калгам. Андай судьялар көп болсо биз өнүгүп-өсөт элек деген ой калган. Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди оор учурда колдой алды. Биз 2020-жылдагы шайлоодо "Мекенчил" партиясы менен чогуу бардык, жан үрөп иштедик. Биринчи максат мамлекетке ак иштеп берүү, Садыр Жапаровдун түрмөдөн алып чыгуу болчу. Ошол учурда дагы Зулушевдин эмгеги чоң эле. Садыр Жапаров президенттик так үчүн ат салышканда, ал Ош облусундагы куратор болуп берди. Колунан келгендин баарын жасады. Анда дагы өтө оор учур болуп калды. Мен андай суукту көргөн эмесмин, ошол жылы кыш аябай суук болбодубу. Баарыбыз жабыла Садыр Жапаровду колдодук. Кайсы бир стратегиялык маселелерде туура эмес чечимдер кабыл алынганда колдогонум үчүн өкүнүп дагы кетем".

Деген менен Жылдыз Жолдошеванын пикиринде, ал башкы прокурор катары мыйзам бузулду деген доомат айтылган жагдайларда өз позициясын көрсөтө алган жок:

"Башкы прокурор катары ишти жүргүзүүдө кыргыз тилине өтүү боюнча аракет кылды, мыйзамдарды так аткаралы деди. Ар жума сайын арыз менен келген жарандарды кабыл алып жатты. Элге жакын болгонго аракет кылды. Бирок башкы прокурор деген мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн адам да. Журналисттердин, саясатчылардын адилетсиз, акыйкатсыз камалышында ал башкы прокурор катары өз позициясына, прицибине тура албады. Ички иштер министрлиги деле, атайын кызмат деле өз оюн билдиргендерди, соцтармакка пикирин жазгандардын айрымдарын, кары-жашына карабай камай баштабадыбы. Ошондой учурларда Курманкул Зулушев столду бир коюп туруп, "мыйзамды сактагыла, биздин өлкө - демократиялык өлкө, ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар, бул Конституцияда да жазылган" деп айтышы керек эле. Ал башкы прокурор катары позициясын көрсөтө албады. Мен ошого өкүнүп калам".


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы май айында коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында Зулушевдин кайниси да бар экенин маалымдаган. Атайын кызматтын төрагасы алар “Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып, кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машине өтүп турганын” билдирген.

Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушев бул ишке кийлигишпегенин, бирок жагдайын сурап жатканын айткан. Ушул жылдын башында бул иш кыскартылып кеткени белгилүү болгон.

"Иш билгилигин көрсөттү"

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов болсо анын ишине оң баа берди:

Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

"Курманкул Зулушев жакшы иштеди. Албетте, жумуш болгон жерде кемчилик дагы болот. Анын баш прокурор катары ишинде кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн тергөөнү башка укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин жакшы бааладым. Буга чейинки иш тажрыйбасы жакшы жардам берди, артыкчылыктарды берди. Менин көзөмөлүмдө турган иштердин баарын ал мыйзам чегинде карап берди. Ал кесипкөйлүгүн, иш билгилигин көрсөттү".

Курманкул Зулушев 54 жашта, Ош облусунун Өзгөн районунан. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген.

Андан кийин Зулушев прокуратурадан сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдүн Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.

Зулушевдин ишине сын

Жогорку Кеңештин дагы депутаты Исхак Масалиев Зулушевди мурдагы депутат Адахан Мадумаровго кылмыш ишинин козголуп, камалып чыгышына байланыштуу сынга алды.

"Принциптүүлүгүн көрсөтүп, чындыкты, адилеттүүлүктү сактай албады. Ал сот болуп иштеген, өз убагында Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди актаган да. Бирок Мадумаровго болбогон негизде иш козголгон. Менимче, ал саясатка берилип кетип, адилеттүүлүктү жоготту. Негизи ал өзү жакшы, күчтүү адис. Парламенттин өткөн чакырылышында чогуу болгонбуз, мыйзам чыгаруучу катары аракеттери жакшы эле болчу. Ал ошол маалда Конституциянын өзгөрүшүнө негиз болгон рефрендум тууралуу мыйзам сунуштап, аны депутаттар бекитип койбодубу. Адис катары жакшы, бирок каталары да бар. Эртеби, кечпи баары бир бул кызматтан кетмек да".

Кемпир-Абад ишине байланыштуу айып коюлгандардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова Зулушевдин тушунда прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары чоңойгонун белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Ал азыркы бийликтин каалаганын аткарып берген башкы прокурор болду. 2010-жылы парламентаризмге өтөбүз деп бир топ мыйзамдар оңолбоду беле. Ошонун баарын өзү кызматта турганда бир айга жеткирбей инвентаризация кылып, прокурорлордун мүмкүнчүлүктөрүн, милдеттерин эбегейсиз кеңейтти. Азыр эми алар мектепти деле текшерип бара беришет, бала бакчаларды деле текшеришет. Азыр эми аларды баарын текшерип жүрө алчудай кылып койду. Мурда мындай эмес эле. Мурда Конституцияда эмне жазылса, ошону гана жасайсың деген талап болчу. Ал болсо ошол ченемдердин баарын жокко чыгарып, мамлекеттен беш-он сом алгандарды деле баса калып текшерткен абал түзүлдү, өзүнчө эле полициялык мамлекеттин түзүлүшүнө жол берди. Анткени мыйзамдардын инвентаризациясын ошолор көзөмөлдөшкөн. Иш аябай көбөйгөндө, сапат дагы начарлайт. Мына өлкөдө канча мыйзамсыздык болуп жатат. Жаңы төрөгөн апалардан өйдө камалып жатат. Мисалы, биздин иште башкасын сурабайлы, процессти ачык эле кылып бер, коомчулук баарын ачык көрсүн десек, ошого да ынаган жок. Анткени ал жерде бизге каршы көрсөтмө берген күбөлөр жок, айтаарга сөздөрү жок, берчү суроолору да жок. Ошол жерде төрт прокурор отурат. Биздин процессти ачык кылып коюшсун, күндө ТВдан көрсөтүшсүн, биздин кылмыш кылган-кылбаганыбызды эл-журт билсин дедик. Прокуратурада эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону алардын ыйгарым укуктары болуп көрбөгөндөй кеңейди".

Башкы прокурор кызматына ким келет?

Курманкул Зулушев өзүнүн отставкасы тууралуу азырынча үн катып, комментарий бере элек. Ал арада ал Кыргызстандын Орусиядагы же АКШдагы элчиси болуп кетиши ыктымал деген маалыматтар тарай баштады.

Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз. Президент Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов тармактын ичинен талапкер каралып жатат деген билдирүү таратты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG