Зулушев Бишкектеги “Ататүрк” сейил багынын мурдагы чегин аныктоо чечиминин мыйзамдуулугун прокуратура карап чыгарын билдирди.
Былтыртан тарта тергөө укугун алдырган Башкы прокуратуранын ишмердигиндеги негизги кайсы маселелер болгонун баяндайбыз.
2020-жылдагы бийлик алмашуунун шары менен башкы прокурорлукка отурган Курманкул Зулушев ушуну менен үчүнчү жолу парламент алдында отчет берди. Ал өлкө бийлигиндеги башка жетекчилер сыяктуу эле прокуратуранын негизги иштери катары коррупцияга каршы күрөштү атап, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулуп жатканын билдирди.
Зулушевдин маалыматына ылайык, 2023-жылы прокуратура 18 млрд 109 млн сомдук зыянды аныктаган. Анын 93,5%, же 16 млрд 923 млн сому өндүрүлгөн. Анын ичинен 4 млрд 558 млн сому акчалай, 12 млрд 364 млн сому натуралдык түрдө болгон.
Депутаттар бул каражат буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан 100 миллиард сомдун ичине киреби деп кызыкты эле, ага так жооп айтпаган Зулушев коррупция менен күрөштө Ташиев негизги ролду ойноп жатканын кыйыткандай болду.
“Мадумаровду абакта кармоо сунушу мыйзамсыз”
Парламенттеги угуу маалында өлкөдөгү талкуу жараткан саясий иштер тууралуу сурашты. Маселен, депутат Исхак Масалиев соттун жаза чегербөө тууралуу өкүмүнө карабай, айыптоочу прокурордун “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровду абакта кармап туруу боюнча сунушу негизсиз болгонун айтты:
“Мына жакында биздин кесиптешибиз Адахан Мадумаровдун кылмыш иши сотто каралып, өкүм чыкты. Мен тарыхта мындайды биринчи жолу көрүп атам. Ошол жерде сиздин кесиптешиңиз – айыптоочу прокурордун кызматкери, улук лейтенант соттон “өкүм күчүнө кирмейинче бөгөт чарасы сакталсын” деп суранып атат. Сот макул деп атат. Бирок Жазык-процессуалдык кодексте 359-беренеси бар, ал жерде так жазылган. Эгерде мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш жоопкерчилиги колдонулбаса, ошол замат эркиндикке чыгыш керек болчу. Мейли, соттун чечимин сиз, мен карай албайбыз, анын өзүнүн жолу бар. Бирок прокурордун сунушун сиз карай аласызбы? “Мыйзамды тоготпо” дегендей сунуш бергенге укугу барбы?”.
Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып тагылган. Мындан тышкары, Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин билдирип, аны кайтарып берүү талабы менен милицияга арыз жазган. Ал факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго өкүм чыгарып, аны иш боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче Мадумаров абакта калган.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттын көтөргөн маселесин териштирип, жообун берерин билдирди:
“Соттук иш-чара боюнча бизде ар бир катышкан прокурор сот процессинде эмне деп сүйлөгөнү жазылып, көзөмөлгө тиркелет. Анын “камоодо калтырсын” деп сураганы боюнча менде маалымат жок экен. Муну текшерип көрөлү, мен сизге жообун билдирем”.
“Аткаминерлердин абактагы журналисттерге баа берүүгө укугу жок”
Депутаттар бир катар журналисттердин абакта жатышы боюнча да маселени көтөрүштү. Алар журналисттердин абакта жатышы эл аралык чөйрөдө Кыргызстанга аброй алып келбесин айтты. Исхак Масалиев тергөө жүрүп жаткандыгына карабай айрым жогорку даражалуу аткаминерлердин журналисттердин ишмердигине баа берген сөздөрү орунсуз болуп жатканын белгиледи:
“Бир топ журналисттер милиция кызматкерлери аркылуу камакта отурат. Анан Ички иштер министри чыгып, “алар ушундай кылды, тигиндей-мындай кылды” деп баа берип жатат. Өкмөттүн вице-премьери да ошол журналисттерди “профилактика кылып кармап койсок эчтеке болбойт” деп атат. Башкы прокурор катары түшүндүрүп койсоңуз, ал балдар андай айтпай турсун. Себеби жетекчи болгондон кийин анын сөзү тергөөчүгө буйрук болуп калат”.
Башкы прокурор аткаминерлердин пикирлери туралуу кабары жоктугун, эгерде мыйзам бузуу аныкталса, аларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышып жатып, журналисттердин камалышын аларды ириде “тарбиялоо максаты” менен байланыштырган болчу. Анын мындай билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылган. Ал эми Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11-апрелде “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде журналисттердин ишинде саясий себеп жок экенин айтып, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптаган. Ал өз сөзүндө "11 кишинин экөө гана журналист, калгандары блогер атыккандар, жогорку билими жок” деп айткан.
“Ататүрк” паркындагы хансарайларды бузуу мыйзам аркылуу чечилет
Башкы прокурорго Бишкек мэриясынын “Ататүрк” паркындагы үйлөрдү бузуу жана жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иш-аракеттери туралуу да суроолор берилди. Депутат Жанарбек Акаев таасирдүү кландардын коррупциялык иштерин токтотуу жана адилеттикти орнотуу үчүн мындай иштердин аткарылышын колдой турганын айтты:
“"Ататүрк" паркындагы жанагы хансарайларды бузуу маселеси коомчулукта чын эле колдоого алынып жатат. Бул жерде бир топ моменттер бар. Бизде мамлекет эмне болсо ошол болсун, шаарлар эмне болсо ошол болсун, мен ошол жерден бир участок алып, жакшынакай хансарай куруп алсам жакшы болот эле деген адамдар, тилекке каршы, көп. Мына ушул окуядан кийин шаардагы парктарды, бак-дарактарды бузуп, үй куруп ал, бекер берем десе дагы алгандан баары качып калыш керек. Элүү жыл, жүз жыл өтсө дагы паркты калыбына келтирүү иштери жүрөт экен, биз үй курабызбы, “кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул паркка курган үйлөрүбүздү баары бир таш-талканын чыгарып, кийин мамлекет мыйзамды өз ордуна коёт экен” деген түшүнүк пайда болуш керек. Мына ошондо адилеттүүлүк орнойт эле. Андай учурлар өтө көп. Мына, алыска барбай эле, Ак үйдүн – стратегиялык объекттин жанына паркты бузуп, бурчуна бизнес-борбор куруп алгандарды карагылачы. "Колуңардан эмне келет?" дегенсип”.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев башкаларга сабак болуш үчүн мыйзамсыз ээленип кеткен мүлктөрдү кайтаруу иштери дагы уланарын айтты:
“"Ататүрк" паркы боюнча мэр өз оюн билдирди. Бизге кат келгенде, текшерип, мыйзамдуулугун карап беребиз. Сот аркылуу чечиле турган көп жагдайлар бар. Ал өз оюн гана билдирди, эми иш-аракетин көрөбүз. Бирок сиз туура айттыңыз, мамлекетте мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктеп алган жана башка мыйзамсыз аракеттерге баргандар үчүн акыркы жылдары чоң эле сабак болуп атат. Мындан кийин мыйзамсыз тосуп, там салып алгандар сөзсүз түрдө жооп берери, акча-каражаты да күйөрү, мыйзам алдында жооп берери билинип калды. Менимче, бул сабак болду окшойт. Бул иш-чараларды биз күчөтүү менен дагы улантабыз”.
Курманкул Зулушев президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин эн жакын санаалаштарынын бири болуп саналат. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашкан окуялардан бери Башкы прокурор кызматын аркалап келет. Бул кызматта иштеп турган мезгил ичинде прокуратура органдары жана жеке анын ысымы аралашкан бир катар чуулгандуу окуялар да болуп өттү. Алардын ичинен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, депутаттар Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазовдор менен тиреши, прокуратуранын жооптуу кызматкеринин ири суммадагы акчаны кымырып кетиши, ошондой эле Бажы кызматында иштеген кайнисинин коррупциялык иштерге катышы өңдүү иштерди атаса болот.