Мунун алдында башкы прокурор Курманкул Зулушев аскер учкучу, улук лейтенант Рустамбек Жоробаевдин паракорлук тууралуу айткандары ырасталганын, аскер прокурору иштен алынып, мекемеде иштегендердин теңи алмашып жатканын билдирген.
Жоробаев былтыр жай айларынан бери эле авиатехниканы оңдоодогу коррупция жөнүндө айтып, өлкө бийлигине ачык кайрылып келген. Анын билдирүүлөрү өткөн айда аскердик тик учак кыйрап, бир учкуч мерт болуп, дагы бир канча адам жаракат алган окуядан кийин кайрадан талкуулана баштады.
Курманкул Зулушевдун ырасташынча, учкуч Рустамбек Жоробаев айтып чыккан коррупцияга байланыштуу фактылар экинчи текшерүүдө аныкталган. Мындан улам аскер прокурору менен кошо аталган көзөмөлдөөчү органда иштегендердин теңи алмашып жатат. Башкы прокурор 31-январдагы басма сөз жыйынында кадрдык өзгөрүүлөргө кыргыз армиясындагы уставга жат көрүнүштөргө, кылмыштарга бөгөт коюу иштеринин начардыгы дагы негиз болгонун белгиледи.
"Бүгүнкү күндө биз аскер прокурорун алмаштырдык. Себеби акыркы убакта учкуч Жоробаев кайрылуу жасап, бир нече фактыларды айткан. Бул боюнча текшерүү жүргүзгөнбүз. Кайрадан текшерүүдө ошол адамдын айткандары далилденди. Азыр аскер прокуратурасынын 50% дагы алмаштырып жатабыз. Анткени бир органда көп жылдан бери иштегенде тааныш-билиш, ишине кайдыгер мамиле болот экен. Биз аларды алмаштырып, башка кадрларды коюп жатабыз. Айтылган фактылар аныкталды. Аскер кызматкерлеринин өзүн өзү атып алуусу, өзү өзү асып алуусу, чоңсунуу көрүнүшү өңдүү фактылар боюнча дагы биз аны жетишерлик деңгээлде иш алып барбадың деген негизде дагы иштен алдык. Азыр жаңы аскер прокуроруна талаптарды койдук. Ошонун негизинде жыл башынан эле ондон ашык кылмыш ишин козгодук. Коргоо министрлигинде болгон ар бир окуяны биз толук текшеребиз", - деген Зулушев.
Башкы прокурордун бул билдирүүсүнө Коргоо министрлиги дароо жооп кайтарып, учкуч Рустамбек Жоробаев айтып чыккан фактылар иликтеп-териштирүүдө ырасталбаганын, ошондуктан кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз табылбаганын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Башкы прокуратуранын аракетинде "популизм көбүрөөк" деп белгиленген.
"Аскер прокуратурасы улук лейтенанттын аракеттерине юридикалык баа бербестен, авиатехниканы оңдоо сапаттуу жүргүзүлгөн эмес деп Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгын айыптап жатканы таң калычтуу. Башкача айтканда, маалыматты бурмалоо жолу менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жана анын калк арасындагы кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жатат. Эмненин негизинде? Алар кайдан алышты? Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин ичинен кимиси авиациялык техниканы, аны тейлөөнү, оңдоону жана учууларды уюштурууну түшүнөт? Башкы прокуратуранын аракеттеринде иштин реалдуу абалынын чагылышы эмес, популизм көбүрөөк деп эсептейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Аскер учкучу Рустамбек Жоробаев Абадан коргонуу күчтөрүндөгү жана авиатехниканы оңдоодогу коррупция тууралуу былтыр жай айынан тартып эле өлкө жетекчилерине кайрылып келген. Паракорлукту ачык айтып чыкканы үчүн куугунтукка кабылып, негизсиз кылмыш иштери козголгонуна нааразы болгон.
"Эки-үч ай мурун бизде көрсөтмө учуу болгон. Учкан төрт борттун бирөө иштебей калган. Экинчи тик учак Индиядан келген инвесторлор түшүп уча баштаганда түтөп кеткен. Бирөө 204-борт, экинчиси 205-борт болчу. Аларды былтыр (2022-жылы - ред.) капиталдык оңдоп түзөөгө беришкен. Анда ремонт кылбай эле жөн гана сырдап коюшкан. Болгондо дагы полго колдонулуучу сыр менен сырдашкан. Ошол тик учактар асманга көтөрүлгөндө иштебей калса эмне болмок? Ушунча адам өлүп, чет өлкөлүктөрдүн алдында уят болуп, чоң чыгаша тартмакпыз. Шүгүр, дагы уча электе иштебей калыптыр", - деген Жоробаев.
Учкучтун мындай билдирүүлөрү 17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулап, экипаждын командири Жайыл Самудинов каза тапкан окуядан улам кайра талкуулана баштаган.
Коргоо министрлиги кырсыктаган бортто 11 киши болгонун, жараат алгандар ооруканага ар кандай абалда түшкөнүн билдирген. Кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилгени белгилүү болгон.
Факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (“Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө уланып жатат.
Талдоочу Токтогул Какчекеев соңку окуялардан улам Аскер прокуратурасынын иштешине байланыштуу маселеге токтолду.
"Менин угушума караганда, ошол кырсыктаган тик учак Өзбекстандан ондолуп келген. Жанагы жаш учкуч жигит былтыртан бери арыз жазып, коррупция болуп жатат дегенин Фейсбуктан окуп эле келатабыз. Аскер прокурорлору аскер бөлүктөрүнө жума сайын барышы керек. Ошол жерде учкучтар болобу, танка айдагандар болобу, катардагы аскерлер болобу - алар менен кездешип, сүйлөшүп, кемчиликтерин сурап, өтүнүчтөрүн аткарганга аракет кылышы керек. Зулушев айласы кеткенинен Аскер прокуратурасынын теңин кетирдим деп жатпайбы. Бирок Аскер прокуратурасында аскердик-юридикалык окуу жайды бүткөн көп болсо бир эле киши бардыр. Калган баары эле юридикалык факультетти аяктагандар да. Алар аскерде кызмат кылган эмес. Бүгүнкү күндө кызык жагдай түзүлгөн: Аскер прокуратурасы бар, бирок аскердик сот жок".
Адвокат Агзам Дүйшөналиевдин пикиринде, Аскер прокуратурасы кылмыштын алдын алуу, болтурбоо багытындагы ишти начар жүргүзүп келген.
"Эгер Аскер прокуратурасында иштегендердин теңи алмаштырылса, бул органда көйгөйлөр бар экенинин белгиси болот. Коррупцияга каршы бир чечим бул. Тилекке каршы, прокуратуранын тергөө кызматы жалаң гана окуя болгондон кийин чара көрө баштайт. Мен ал жактан кылмыштын алдын алуу чараларын байкаган жокмун. Мисалы, аскерге чакырылгандар, кызмат өтөгөндөр Аскер прокуратурасына кайрыла аларын, ошондой мүмкүнчүлүгү бар экенин билбейт. Ошол эле чоңсунуу көрүнүшүнө кабылган жоокерлер Аскер прокуратурасына кайрылган эмес. Кайрылса болорун билген эмес".
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, былтыр Куралдуу күчтөр баштаган аскердик түзүлүштөрдө мурдагы жылга салыштырмалуу 7,8%га кылмыш иши көп катталган. Былтыр дагы кыргыз армиясында жоокер өзүн өзү атып алды, жанын кыйууга барды деген окуялар катталган. Өткөн жылдын аягында, декабрда Чек ара кызматы Ош облусунда 18 жаштагы жоокер өзүн өзү кокусунан атып алып мерт болгонун билдирген. Анын алдында, ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганын кабарлаган.
Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.
2022-2023-жылдар боюнча статистика азырынча чыга элек.