25-ноябрдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен маек уюштурдук. Анда үй-бүлө зомбулугун токтотуу маселесин талкууладык.